Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуБакай-Ата району 10.06.2019 13:45

Күндө суу бойлой 16 чакырым жөө баскан 78 жаштагы Кошулбек ата астма оорусун жеңүүдө. Видео

Turmush -  Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын 78 жаштагы тургуну Кошулбек Аккабаков күнүнө 16 чакырым жолду жөө басып, суунун буусу менен астма оорусун жеңип жатат. Аймактык кабарчы карыя менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1997-жылы астма жана көкүрөктү муунткан оору менен ооруган.

«Бул ооруга 50 жыл тамеки тартканым, 20 жылдан ашык темир устачылык кылганым себеп болду көрүнөт. Ал муунтканда, жаныңды коёрго жер таппай, темселеп калчумун. Чынын айтсам ооруканага кайрылган жокмун. Алар мындай нерсеге алы жетпейт деп угуп, элдик дарылоону баштагам. Талас шаарында жашаган Төлөпберген деген элдик дарыгер бар эле, ал 1998-жылы эле мага: «Кечки маал суу бууланат, шар аккан сууну бойлоп басуу керек» деп айткан. Мен 1998-жылдан бери айылдан 5 чакырым өйдө жайгашкан Талас суусун бойлоп басканды адат кылгам.

Ошондон бери дээрлик калтырбайм. Башында жакын жерден баштап, убакыттын өтүшү менен күнүнө 16 км жерге чейин бир топ жыл каттадым. Азыр жок дегенде күнүнө 5 чакырым жөө басам, үйдөн саат 16:00 чамасында чыгып, кайра саат 23:00дөн өтүп келем. Ошол аралыкта эрмек кылып, жаныма кайырмак алам. Менин кайырмагыма адашкан балыктар гана түшпөсө, көп учурда куру эле кайтам», - дейт Кошулбек аксакал.

Суунун буусу анын дартын жеңүүгө жардам берип жатканын айткан карыя: «Түнкүсүн кээде тааныштар унаа менен үйгө жеткирип койгон учурлар болот. Күнүгө көнүгүүлөрдү жасайм, мурункудай муунганым дээрлик калды десем болот. Бирок көкүрөктө дарт толугу менен кете элек, ал өзүмө сезилет», - дейт.

Ал эми анын 64 жаштагы жубайы Калипа Отунбаеванын айтымында, жолдошу күнүнө 5 чакырым жөө басып жүрүп, оорусунан арылды.

«Жолдошум экөөбүздүн 6 уул, 1 кыз, 8 неберебиз бар. Ал астма болуп жүрчү. Ушул сууну түнкүсүн бойлоп жүрүп, оорусу калды. Кудайга шүгүр, мына азыр 5 чакырым жерге жөө бара алат. Мурун бир аз басса эле кышылдап, оорусу кармап калчу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×