Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуБакай-Ата району 10.06.2019 16:14

Таласта Ч.Айтматовдун каза болгон күнүнө карата спорттук иш-чара өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 10-июнда Талас шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каза болгон күнүнө карата куран окутулуп, эстелигине гүлчамбар коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин айтымында, бүгүн Ч.Айтматовдун каза болгон күнүнө карата бардык аймактарда эскерүү иш-чаралары өтүп жатат.

Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадиондо жаштар арасында «Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө» аттуу спартакиада уюштурулду. Мелдешке Талас облусундагы айыл аймактардан келген жаштар катышып, футбол, волейбол, кол күрөш, күрөш боюнча күч сынашууда.

Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда дүйнөдөн кайткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×