Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуТалас району 10.06.2019 16:34

«Жеңеке»: 37 жашында баатыр эне болгон Уулкелсин аяштарына эмне себептен жүгүнгөн?

Turmush -  Эсеналиева Уулкелсин жеңе жаңы келин болгондо жолдошунун досторуна жүгүнгөн окуясын эч унутпайт. Анын жолдошу өзүнөн 9 жаш улуу. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Уулкелсин жеңе 1974-жылы Талас районунун Көпүрө-Базар айылында төрөлгөн.

«Менин балалык чагым Караколдо өттү. Мектепти өзүмдөн улуулар менен окуп бүттүм. Апам казак кызы болчу. Таякелерим мени Алмата шаарына чакырып, жогорку окуу жайды Казакстанда окууну максат кылып жаткам. Үйдөгүлөр окууга кеткиче кичине эс ал дешти. Улуу жеңем өзүбүзгө кошуна Арал айылынан болчу. Ал "төркүнүмө барам. Мени менен барып кел, кайра чогуу келебиз" деп калды. Ошентип андан ары турмушка чыгып кеттим.

Жолдошум менден 9 жаш улуу болчу. Бир күнү эртең менен эшиктин алдын шыпырып жатсам сырттан чоң кишилер кирип келди. Шыпыргыны коё салып эле жүгүнүп баштасам "аяш бизге жүгүнбөй эле кой" деп күлүп калышкан. Ал убакта жолдошумдун дос балдары көзүмө чоң киши көрүнчү», - деди ал.

Уулкелсин жеңе 37 жашында баатыр эне болгон.

«Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт деп айтып калышса көп деле маани бербептирмин. Бир жолу апам (кайнене) үйдө жок болчу. Атам (кайната) "кечинде конок келет. Апаң келгичекти кайнай берсин" деп казанды асып берди. "Балам туздан этият бол" деп эле айтканча бир оромдогу туздун баары казанга төгүлүп калган. Ал убакта туз кагазда болчу. Атам артын карабай эле очокканадан чыгып кетти. Ал чыгары менен эттин баарын чыгарып, казандагы туздуу сууну төгүп, башка суу куйдум. Азыр казанга тамак жасарда ошол күн эсиме түшөт.

Кыргызда "Бата менен эл көгөрөт" деп айтылат эмеспи. Мен дагы жаңы келин болуп келгенде бардыгы 10 баланын апасы бол деп бата беришкен. Кудай буйруп 37 жашымда баатыр эне болдум. Азыр өзүм дагы кайнене болуп келин алып, кыз берип калдым», - деди ал.

Каарманыбыздын 6 уул, 3 кыз жана 2 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×