Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусу, Талас 10.06.2019 17:28

Жаш талант: 15 жаштагы тогуз коргоолчу Рафхат республикалык мелдештерде ийгилик жаратууда

Turmush -  Таластык 15 жаштагы Рафхат тогуз коргоол боюнча мелдештерде ийгилик жаратууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Атыканов Рафхат Талас шаарынын №4 орто мектебинин 8-классын аяктады. Республикалык деңгээлдеги мелдештерде 1-2-орундарды алып келет.

Таенеси Анаркүл: «Рафхат сезимтал бала. Сокулук районундагы Асылбаш айылында 2 жыл окуган. Ал тогуз коргоол ийримине барат. Башында карындашы менен үйдөн ойноп жүрүп үйрөндү. Кызыгып калып, кийин ийримге дагы катышып жүрдү. Республикалык, облус аралык мелдештерге барып жатат. 7-класстан баштап Талас шаарындагы №4 орто мектепте окуп жатат. Улуттук, жакшы оюн таштабай ойноп жүр дейбиз. Ийгиликтерге жетти. Башында тез эле үйрөнүп кеткен. "Акылдуу бала экен, тез эле үйрөнүп, ийгилик жаратып жатат" деп агайы айтып жүрөт. Жөндөмү, шыгы бар», - деди ал.

Атыканов Рафхат 2004-жылы төрөлгөн.

«Учурда 8-классты бүттүм. 3 жылдан бери ойнойм. Тогуз коргоол ойноп калуума Айдай карындашым түрткү болгон. Үйдөн көп ойночубуз. Ошентип жүрүп кызыгуум күчөп кетти. Ийримге барып, алгач Докун деген агай жүрүштөрдөгү сырларды үйрөттү. Таласка келгенде Керим агай дагы ийгилик жаратуума себепчи болду. Андан тышкары, мектептен Бакыт деген агай дагы спартакиадаларга алып барып, көптү үйрөтүп машыктырат.

2018-2019-жылдары ийгиликтер көп болду. Ушул жылы өзүмдөн 2 жашка улуулар менен ойносом дагы 1-2-орунду берген жокмун жана республикалык мелдештен биринчиликти алдым. Бул оюн шахматка окшош болгондуктан ал оюнга дагы кызыгам. Мага дагы үйрөтчү дегендер көп.

Тогуз коргоолду ойноодо эсептөөнү жакшы билиш керек. Тунук ой менен шашпай отуруп ойнош керек. Шашып же ой бир жерде болбосо ойнобой эле койгон оң. Келечекте окууну ийгиликтүү аяктап, тогуз коргоол жаатында Кыргызстандын эле эмес дүйнө чемпиону болсом дейм.

Мелдеш учурунда ар кандай болот. Каршылаштын 2-3 жолку жүрүшүндө ал канчалык деңгээлде ойной турганы билинет. Мелдештерде алдоо максатында аттап кетип, жеңүүчү болом деген каршылашым болгон. Андайлар оюндан четтетилет, экинчи жолу кайталанса такыр чыгарылат.

Мектептен физика, математика сабактарын жакшы көрүп окуйм», - деди ал.

Апасы Насыйкат: «Рафхаттын тогуз коргоол ойноп, мелдештерде баруусуна ар дайым колдоо көрсөтүп келебиз. Бош убакыт дээрлик болбойт, сабакка жана тогуз коргоол ийримине барат. Өзүм деп гана ойноп келбестен, балдарга дагы көрсөтүп, чогуу машыгып келишет», - деди.

Рафхат 2 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×