Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Баракелде, Бишкек 10.06.2019 18:02 На русском

Айыл турмушу: «Шумкар» полкунун кызматкери Ч.Чалабаевдин спорттогу ийгиликтери

Чыңгыз Чалабаев
Чыңгыз Чалабаев

Turmush -  Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун взводдогу командири, милициянын кичи лейтенанты, Чүй облусунун тургуну Чыңгыз Чалабаев алыш, кыргыз, казак, белбоо күрөштөрүнөн жана дзюдо, самбодон көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Ал спорттун арты менен ушул кесипти тандап алганын билдирди.

«Спорт менен жаштайымдан эле машыктым. Үй-бүлөдө 5 эркек бир тууганбыз. Азис, Марлис деген байкелерим күрөшкө барышчу. Агаларымдын арты менен мен дагы спортко аралаштым. Ошентип алгач спортту сүйүүчү катары көп жыл аралашып жүрүп, 2016-жылдан баштап чоң спортко аттандым. Алыш күрөш боюнча Кыргызстандын 5 жолку, кыргыз күрөштөн 2 жолку, самбо жана дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпиону болгом. Ошондой эле белбоо, алыш, самбо, кыргыз күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери болдум. 2018-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшү боюнча жеңүүчү болуп, алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалын эки жолу алдым. Белбоо боюнча 2 жолу коло медалынын ээси, самбо боюна Азиянын чемпиону жана дүйнө кубогунун ээсимин. Белбоо күрөшү боюнча ачык Европа чемпионатынын жеңүүчүсү болгом. Казак күрөшү, түркмөн күрөшү боюнча өткөн дүйнөлүк мелдеште коло медалдарды алгам», - деди ал.

Чыңгыз Чалабаев Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Ак-Жар айылында 1988-жылы төрөлгөн.

«Мектепти аяктагандан кийин мекен алдында милдетимди аткарып, ички аскерлер бөлүмүндө спорт ротада кызмат өтөдүм. Андан кийин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде 5 жыл окуп, аны ийгиликтүү аяктагам. Окууну бүткөндөн кийин кайра эле ички аскерлер бөлүмүнүн спорт ротасына 2012-жылы жумушка орношуп калдым. Ал жакта 2014-жылга чейин эмгектенип, андан соң атайын багыттагы «Шумкар» полку ачылып, аталган полкко которулдум. Ошол жылдан бери ушул жерде иштеп келе жатам.

Милиция кызматына келишиме спорт түрткү болду десем жаңылышпайм. Өзүм деле аскер кызматкери болууну кыялданчумун. Кудайыма шүгүр, бул кесибиме абдан ыраазымын. Албетте, милиция кызматкеринин иши оңой эмес. Ишти пландар боюнча аткарабыз. Кандай буйрук болбосун дайыма физикалык жактан дагы, моралдык жактан дагы даяр болуп турабыз.

Биздин кызматта кызыктуу окуялар көп. Бирок,биз кызматыбызга байланыштуу, аларды айтып бере албайбыз. Ал окуялар сыр бойдон калсын.

Ушул эмгек жолумда көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Ички иштер министрлигинен бир нече жолу ардак баракчаларын алгам. Ошондой эле «краповый берет'тин» ээсимин», - деди ал.

Үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Атамдын көзү өтүп кеткен. Апам болсо Таласта. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, 1 кыз, 1 уулдун атасымын. Хоббим — бош убакытта жаратылышка чыгып, эс алганды, сууга түшкөндү жакшы көрөм. Келечекке максаттарым көп. Кыргыз элиме ак кызмат өтөп, генералдыкка чейин жетким келет. «Генералды эңсебеген солдат, солдат эмес» деп айтып коюшат го. Спорттон дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырсам дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×