Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Талас облусуТалас району 11.06.2019 10:43 Жаңыланды: 04.09.2019 18:19

Айыл турмушу: Таластык Д.Раяпаева 30 жылдан бери кол өнөрчүлүктү аркалап келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Кырк-Казык айылынын 60 жаштагы тургуну Дилара Раяпаева сайма сайып, курактарды курап, кыздарга сеп даярдап келе жатат. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Таш-Арык айылынын кызы.

«Кол өнөрчүлүк менен алектенгениме 30 жылдан ашып кетти. Алгач килемче курактар чыкканда кызыгып курап жүрчүмүн. Илгери калкытма деп коюшчу, ошондой сайма сайып жүрдүм. Кийин бул саймаларды сайып калып, ушул күнгө чейин төшөнчүлөрдү кооздоп саям.

Өзүмдүн кесибим жок. Союз учурунда 15 жыл саанчы болуп иштедим. Ал кезде «светке» көп таянчу эмеспиз. Баарын колго жасап бышырчубуз. Ошондо дагы жетишип сайма сайып, жакындарга белек кылчумун. Айыл ичинен буйрутмалар көп келет. Сайма сайып жана курактардын түрлөрү менен кыздарга сеп даярдайм. Көбүнчө каттама курактан ар кандай формаларды чыгарып курайм. Бул курак аябай майда, бирок мен ушул түрүнө жакынмын. Кардарлар кездемесин өздөрү алып келишет. Мен аларды кесип, кайра кураштырып даярдап берем. Колду кармагандыктан 1 төшөктү 4 күндө курап бүтүрөм. Сайма төшөктөр аябай кооз көрүнөт жана чыдамдуу болот. Сайманы тукаба кездемеге саям, анткени тукабага жакшы түшөт. Кездеме жумшак болсо ыңгайсыздык жаратат жана убаракерчилик болот. Жиптерин Бишкектен алдыртам. Сайма төшөктөр Бишкекте 4000 сомдон сатылат. Мен арзан эле жасап берем.

Бир нече кыздардын себиндеги төшөнчүлөрүн сайма менен даярдап бергем. Азыр жакшы, кол эмгектер бааланып келе жатат. Шакирттерим көп, кечээ дагы айылдан бир келин келип үйрөнүп кетти. Муну билип алса, өздөрү үчүн жакшы. Сайма сайганда сүрөтчү жана эсепчи болуш керек. Эсептей турган жерлери болот. Окшош кылып бир нече жолу сүрөттү кайталап сайганда эсептейм. Антпесе сүрөттөр окшошпой калат. Сүрөттү көрүп саям, кээде башкача жана өзгөчө болсун деп элестетип сүрөтүн тартып алам. Кайсы жерден эмне көрсөм анын сүрөтүнө көңүл бурам. Аны карап эске тутуп алам. Мисалы, чынынын же дасторкондун сүрөттөрүн карап, ага идея кошуп өзгөчөлөп саям. Сайма сайганда жиптин өңдөрү аркылуу сүрөттүн образын чыгарыш керек. Өң бериш керек. Кайсы жери көлөкө болуп турса, ошого жараша өң тандайм. Мисалы гүл гүлдөп келе жатканда энелик деп койгон жери коюураак болуп, өйдөлөп кеткен жери ачык өңдө болуш керек. Сайып бара жатып эле өңдөрүн алмаштырганды жакшы өздөштүрбөсө кооз болбой калат. Мен шашпай так, туура жана кынтыксыз иштегенди жакшы көрөм. Кардарлар мен ыраазы боло тургандай кызмат акы беришет. Үйдө жөн отура бербей деп машинемдин жанынан чыкпайм же колумдан сайма сайган ийнем түшпөйт. Неберелеримдин баары чоңоюп калышты. Аларга баш-көз болуп, кол өнөрчүлүк менен күн батырам», - деди ал.

Дилара айым 2 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×