Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуМанас району 11.06.2019 17:00

Таласта 80 тоннадан ашык бензинди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган чет элдик адамдар кармалды

Turmush -  Кечээ, 10-июнда Манас районунда кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинде 83 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташып келе жаткандар кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ аталган бекетке Казакстандан жүк ташуучу 4 унаа келген. Алар ташып келе жаткан майлардын документинде нефрас алынып келе жаткандыгы көрсөтүлгөн. Текшерүү учурунда алар бензин экендиги такталган. Аталган кылмышка шектелип Казакстандын жарандары – 1985-жылы туулган К.К., 1980-жылы туулган К.О., 1985-жылы туулган З.А., 1963-жылы туулган Е.П. кармалды. Кармалган адамдар менен жүктөр Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен Салык кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×