Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Талас облусу, Талас 12.06.2019 10:45 На русском

«Балдарым бакытым»: Таластагы жаш чоң энелер жана таенелер. Сүрөт

// Turmush

Turmush -  Кыргыз элинде «өлүмдөн башканын бардыгы эрте болгону жакшы» деп айтылат. Андыктан уул-кыздары эрте бой жетип, чоң эне же таене болуп калган айымдар көп. Бул жолу аймактык кабарчы Таластагы жаш чоң эне, таенелер менен таанышып чыкты.

Нуржан Мүсүралиева 22 жашында турмушка чыгып, 46 жашында таене болгон.

«Мен университетти бүтүп жатканда турмушка чыктым. Анда 22 жашта элем. 23 жашымда эне болдум. 6 кыз, 1 уулдун ата-энесибиз. Кудай буйруса 6 күйөө бала, 1 келиндүү болобуз. Азырынча 3 күйөө балам бар. Калгандары окуп жатышат.

46 жашымда таене болдум. Албетте булар эң бактылуу сезимдер. Таене болуу менен бирге балаң үчүн кубанасың. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр 3 эркек, 2 кыз неберебиз бар. Аттары — Аделина, Эмир, Бермет, Султан, Бек. «Садагаң болоюндарым, берекелерим, таттууларым» деп эле элжирей берем. Жолдошум шаардагы күйөө баламдын уулун «тармал» десе, орусча өскөн күйөө балам менден «ал эмне деген сөз?» деп сурап жатпайбы. Мен «типа красавчик» деди десем аябай күлүшкөн. Ар бир неберени жыргап тосуп алып жатабыз», - деди ал.

57 жаштагы Раушан Өмүрбекова учурда мугалим болуп иштейт.

«Өзүм №1 мектепте орус тилчи мугалим болуп иштейм. 3 балалуу болчумун. Бир балам каза болуп, учурда 1 кыз, 1 уулум бар. 4 кыз, 2 эркек неберем чоңоюп жатат. Алар өздөрүнчө турушат. Неберелерим менен кедээ эле көрүшүп турам. Алар Бишкекте турушат. Мен Таластамын. Алар бар бактылуумун. Анткени кудай берген неберелерди кантип жаман көрөсүң. Кээде балдарымдан да артык көрүп кетем. Неберелерди көргөндө балдардан биринчи аларды өөп, рахат алып, балдарымды унутуп калган күндөр болот. Неберелерди «менин жаным, алтышкаларым, помпошкаларым, жыргалым, менин жашоом, рахаттарым» деп көптөгөн сөздөр менен эркелетем. Неберелериме жыл сайын белек камдайм. Баланы ата-энеден ажыратпасын. Дайыма чогуу болушсун», - деди ал.

Айгүл Нуралиева Талас мамлекеттик университетинде иштейт.

«Университетте эл аралык байланыштар бөлүмүндө эмгектенем. 2 уулум бар. Улуу баламдын 2 кыз, 1 эркек баласы бар. Өздөрүнчө турушат. Неберелерим менен күн сайын көрүшүп турам. Көрүшпөй калсак сагынышып калабыз. Алтынай жана Аяна деген кыз неберелерим да бар. Мага абдан жакын. Өзүмдүн 2 уулум болгондуктан кыз неберелүү болгондо өзүм төрөгөндөй сүйүнгөм. Кыз бала мээримдүү, жапакеч болушат», - деди ал.

Талас районундагы Арал айылынын тургуну Жылдыз Дөөталиева 18 жашында турмушка чыгып, 40 жашында таене болгон. 1 уул, 5 кыздын апасы.

«Талас районуна караштуу Орто-Арык айылында туулгам. Жаңы турмушка чыккан жылдарда дүкөндө иштеп жүрдүм. Азыркы убакта үйдөмүн. 18 жашымда турмушка чыгып, 19 жашымда тун кыздуу болгонбуз. Мен 40 жашымда таене макамына ээ болдум. Менин 7 неберем бар. Буйруса сегизинчи неберени күтүп жаткан убагыбыз. Улуусу 10 жашта болсо, кичүүсү 1 жашка чыгайын деп калды. 10 жыл мурун небере кыздуу болгом. Ошол күндөн тарта өзүмдүн таене болуп, улгайып бара жатканымды сездим. Мага өз кызым кичине көрүп жатса, кызым дагы кызым деп турганы мага өтө чоң кубаныч алып келген», - деди ал.

49 жаштагы Рада Муратова Талас районундагы Кууганды айыл өкмөтүндө жооптуу катчы болуп эмгектенет. 2 жээн небереси бар.

«Манас районундагы Жайгалаң айылында төрөлгөм. Мен 20 жашымда турмушка чыккам. 43 жашымда таене болдум. Менин кыздарым улуу болгондуктан биринчи таене болгом. Алгач неберелүү болгондо аябай толкундануулар болгон. Неберем 1 жашка чыгып, алгач тили чыгып жаткан кезинде үйгө келип калды. Баланын тили ширин болот эмеспи. «Тане» деп айтып калыптыр. Аны угуп алып көзүмдөн жаш чыгып кеткен. Неберелерим Талас шаарында чоң аталары менен турушат. Бат-баттан эле көрүшүп турабыз. Үйүнө барсаң «таятамдыкына барам» деп ээрчип калышат», - деди ал.

43 жаштагы Кыял Жолдошева 19 жашында турмуш курган. 1 уул, 3 кыздын апасы.

«Талас облусунун Талас районундагы Арал айылында төрөлгөм. Учурда М.Сейталиев орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип жатам. Мен 19 жашымда турмуш куруп, 20 жашымда кыздуу болгом. 38 жашымда таене болгом. Менин улуу балдарым кыз бала болгондуктан алгач эле жээн неберелүү болдум. Биринчи неберелүү болгон күнүм эсимде, кечээ күнкүдөй эле туюлат. 31-декабрь күнү эртең менен кудагыйым телефон чалып, сүйүнүчтүү кабарды айткан эле. Көрсө кудагыйым мени ойлонбосун деп кызым аман-эсен көз жарып алгандан соң сүйүнчү айтыптыр. Алгач неберемди колго алганда өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу эне экенимди сезгем. Улуу неберем Ырыскелди 4 жашта. Экинчи неберем Актилек 3 жашта. Кудай буйруса жакынкы арада үчүнчү неберелүү болгону жатабыз. Неберелерим Талас шаарында жашап, шаардагы бала бакчалардын биринде тарбияланып жатышат. Биздин аралык жакын болгондуктан бат-бат көрүшүп турабыз», - деди ал.

48 жаштагы Нурия Дыйканбаева Талас районуна караштуу Калба айылындагы мектепте орус тили сабагынан мугалим болуп иштейт.

«Өзүм 20 жашымда турмушка чыккам. 46 жашымда алгачкы неберелүү болгом. Азыр ал 2 жашка чыгып калды. Экинчи небереме 4 ай болду. Аттары Алинур жана Элдар. Неберелерим менен чогуу турабыз. Күнүгө эркелетип турганга жакшы мүмкүнчүлүк бар. Алгачкы неберелүү болгондо келинимдин жанында өзүм кошо жүрдүм. Баланы колубузга алганча эч кимге айтпай эле турайын деп төрөтканада аябай толкунданып жүрдүм. Неберелерим улам чоңойгон сайын ар бир кылыгы чоң атасы экөөбүздү арбап алат. Өз балдарыма тиричилик деп жүрүп азыраак көңүл бурган экенмин. Азыр неберелериме атайын убакыт бөлөбүз», - деди ал.

46 жаштагы Фарида Мамырова Талас шаарындагы №9 орто мектепте соцпедагог болуп эмгектенет.

«Талас районуна караштуу Таш-Арык айылында төрөлгөм. Өзүм 18 жашымда турмуш кургам, 2 уул жана 2 кызым бар. 45 жашымда алгачкы жолу чоң эне да, таене да болдум. Муслим неберем 1 жашта болсо, Аиша бирге чыга элек. Жумуштан чарчап барганда аларды көрүп чарчаганымды унутуп коём. Муслимди Муся деп коём. Неберелүү болгондо кубанычым койнума батпай, чоң энелик сезим пайда болот экен. Неберени көргөндө жүрөгүн мурункудан дагы жумшарат экен», - деди ал.

40 жаштагы Чолпон Арсиева Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүндө окутуучу. 1 кыздын апасы.

«Талас районуна караштуу Арашан айылында төрөлгөм. Өзүм 21 жашымда турмуш кургам. 39 жашымда неберелүү болгом. Жакында 1 жашка чыкты. Неберем төрөлдү дегенди укканда төрөтканага кантип барып калганымды билбей калгам. Эмнени береримди, эмне кыларымды билбей, кубануу сезимдерине батып, жүрөгүм чыгып кетчүдөй болгон. Чындыгында неберем менин дарым сыяктуу. Башым ооруп турса аны көргөндө көңүлүм ачылып кетет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×