Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуТалас району 12.06.2019 15:16

Айыл турмушу: Д.Жээнбаева жалгыздыкка карабай балдарын чоңойтуп, азыр чыгармачылык менен да алектенүүдө (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 49 жаштагы тургуну Дилбар Жээнбаева 2 жылдан бери айылдаштарына ырчылык талантын тартуулап келе жатат. Аймактык кабарчы анын менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда жеке ишкерлик менен алектенип келет.

«Балалыгым Көк-Сай айылында өттү. Мектепти аяктагандан кийин көп өтпөй 1989-жылы Шекер айылына келин болуп бардым. Жолдошум экөөбүз бактылуу жашоодо 7 жыл гана жашадык. Ал учурда 1 уул, 1 кыздуу болдук. Бирок ошол 7 жыл ичинде эмнелер гана болгон жок. Акыры экөөбүз эки ажырым жолго түштүк. Бири-бирибизге тынч жашоо тартуулагыбыз келди. Тагдыр экен, балам менен кызымды койнума кысып, кайра эле төркүнүмө келдим. Ошондон бери ушул айылда жашайм. Балам менен кызымды элден кем кылбай багайын деп соода менен алектенип баштадым. Башында кыйналып жүрдүм. Бардык нерсе убагы жана акырындык менен ордуна келип, нугуна түштү десем болот. Күн-түн дебей жанымды карч уруп иштедим. Башымдан өткөн күндөргө өкүнбөйм. 3 неберем бар. Алар эң жакшы көргөн чоң энемин. Азыр менден өткөн бактылуу айым жок», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле «Шайыр апалар» тобунун мүчөсү экендигин айтты.

«Кичинекей кезимден бери эле ырдаганды жактырчумун. Эмнегедир ырчы болсом деген тилегим бар эле. Бирок турмуш биз ойлогондой эмес экен. Бала кезимде жетпей калган тилегиме эми жетип отурам. 2 жылдан бери айыл ичиндеги таланттуу айымдардын катарында жүрөм. Өзүм жакшы ырдайм. Бир гана ырдап койбостон интермедияларга чейин аткарып келем. Учурда айылда түзүлгөн «Шайыр апалар» тобунда мүчөмүн. Турмуш менен алпурушуп, талантымды ача алган эмесмин. Менин бир гана максатым — иштеп, балдарды буттан тургузуу керек болчу. Жалгыз жан болсом дагы тытынып жүрдүм. Эркектерден кем калышпай иштедим.

Азыр ойлосом мындан 7 жыл мурда бир ыр кесеге катышып ырдаган экенмин. Ошондон бери көкүрөгүмдү бир нерсе туйлатып туруп алды. Мен ырдашым керек болду. Бош убактымда үйдөн ырдап, кадимкидей эс алып калчумун. Азыр кандай гана майрамдык кечелер болбосун сөзсүз катышам. Ырдоодон ырахат алам. Көбүнчө салмактуу ырларды ырдайм. Ыр менен санаамды, кусалыгымды, сагынычымды, кубанычымды, бугумду чыгарам. Бала күнүмдө кыялданган нерсеме эми жеттим десем болот. Ошол учурда ырчылык өнөрдү тандап кеткенде балким азыр башка жашоодо жашайт белем? Айылдын жумушу көп, жайы-кышы түгөнбөйт. Бир гана ырдап тим болбостон дыйканчылык менен дагы алектенем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×