Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуТалас району 12.06.2019 21:40

«Кыз куумайга түшүп атамды байыттым»: Анара жеңенин жаштыгы ат жалында өткөн. Сүрөт

Turmush -  Талас районуна караштуу Кырк-Казык айылынын 52 жаштагы тургуну Сейдалиева Анара жеңе жаш кезинде кыз куумайга далай жолу түшүп, байгелерди уткан. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, Манас районуна караштуу Нылды айылында төрөлгөн.

«Ата-энем өмүр бою эле совхоздун койлорун багып, чабан болуп иштешкен. Атамдар көк бөрүгө кеткенде жылкыларды карап калчумун. Туман болуп, койлорду жоготуп ыйлаган күндөрүм көп болгон. Ошентип ат минип чапканды үйрөнүп калдым. 5-класста атам менин кызым ат чабат деп бир тойго алып барды. Көйнөк, үкүлүү топу кийип барганым эсимде (күлүп). Анда чабандардын той-шеринелери деген болор эле. Ошол жерден кыз куумайга түшүп, 1 тай утуп келдим. Ошентип райондор аралык тойлорго барып, кыз куумайга түшүп жүрдүм. Кайсы жерге барсам дагы жигитке жеткирбей тай, торпоктокторду утуп жүрдүм. Атамды байыттым десем болот (күлүп).

Кийин бойго жетип чоңойдум. Тамакты жакшы жасайын деп ашпозчулук кесипке ээ болом деп Таласка келгем. Азыркы кайын сиңдим биздин айылда келин болчу. Курбу кызым менен Таласка келип кайын сиңдимдин төркүнүнө токтоп, жайгашып калдык. Эртеси 1-май майрамы болуп майрамга барып келебиз деп кеттик. Келсек даярданып коюшуптур. Ошентип ушул үйдө түтүн булап калдым. Ошентип агарып-көгөрүп келе жатабыз (күлүп). Келин болуп келгенден 1993-жылга чейин ат чаап, кыз куумайга түшүп, байгелерге ээ болуп жүрдүм. Азыр дагы ат чабам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Кыз киши болгондон кийин колубуздан баары келиши керек. Менин татар 2 чоң апам болгон. Жүндөн буюмдарды жасаган иштүү кишилер эле. Элдин кыздары көчөдө ойноп жүрсө, биз кичинекейибизден жүн тытып отурчубүз. 5 мүнөткө деп суранып ойноп келчүбүз. Кечиксек чыбык менен сабайт эле. Азыр андай жок. Ошентип апамдардын жасаган иштерине аралашып жүрүп, көптү үйрөнгөм. Кайын энем дагы иштүү киши болчу. Чогуу көп жумуш жасадык. Курактын түрүн тигем. Көбүнчөсү каркыра куракка буйрутмалар келет. Кыздардын септерин даярдап берем. Ыкчам иштегенди жактырам. 1 жер төшөктү 2 күндө курап, жасап коём. Кардарлар мата-кечесин (кездеме) өздөрү алып келет. Жер төшөктү 250 сомдон курайм. Токуганда эс алам жана кийиз жасап, шырдак шырыйм. Чокойлорду сатам, аларды кышы менен токуп чыгам. Аларды 200 сомдон сатам. Үйдөн эле каражат табам», - деди ал.

Анара жеңе 2 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×