Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусуТалас району 17.06.2019 10:26 На русском

Кыргызстандык алптар: М.Кулбортоев жаш кезинде «Жираф» дегендерди сабап койчу (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кырк-Казык айылынын 45 жаштагы тургуну Марсбек Кулбортоев боюнун узундугунан улам башка үйлөрдүн эшигине башын көп урат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлгөн. 27 жылдан бери устачылык менен алектенет. Боюнун узундугу 1 метр 96 см.

«Атам менен апам Кара-Суу айылында мугалим болуп иштешти. Апам англис тил, атам химия сабагынан мугалим болгон. Кийин директор болуп эмгектенишкен. Экөө тең узун бойлуу. Мен Кара-Сууда төрөлүп, ошол жактагы мектепте окудум. Кырк-Казык айылындагы мектепте 1 жыл гана окуп калдым. Тууган-урук ушул айылда болуп, кийин көчүп келгенбиз. 8 бир туугандын (3 уул, 5 кыз) төртүнчүсүмүн.

Кичинекей кезимден эле өзүм теңдүүлөрдөн узун болуп, айырмаланып турчумун. Мектептеги куракта жакшы күндөр өттү. Боюмдун узундугунан көп жерден мен биринчи көрүнөт элем. Тил укпаганга аракет кылчумун. Себеби андай учурларда мен гана көрүнүп, кирерге жер таппай калчумун. Орто бойлуулар бирөөнүн аркасында жашынып тура берет эмеспи (күлүп). Айыл ичинде орто бойлуулар көп болгондуктан, алар менен жүрүп көнүп калдым. Бирок бою узундарды көрсөм сүйүнөм, жалгыз эмес экенмин деп калам (күлүп). Айылдык командада волейбол ойноп келгем. Мени айыл ичиндегилер «Тайлак», «Узун» деп коюшат. Аларга көнүп калгам. Айрымдары «Жираф» дешет. Мурда өзүм курактууларды сабап койчумун (күлүп).

Мектепти аяктап, 1992-жылы Вьетнамда аскердик кызмат өтөп келдим. Америка менен Вьетнам согушканда орус балдар менен ошол жакка жөнөтүлдүк. Аскердик базада күзөтчү болуп кызмат кылдым. Ал жактан келгенде жогорку окуу жайда окубастан дыйканчылык кылып калдым. Себеби жерлер бөлүштүрүлүп, жамаат болуп иштеп калдык. Ушул күнгө чейин жер иштетем. Ага катар эле 27 жылдан бери устачылык менен алектенем. Шыбак шыбап, мештерди жасайм. Боюмдун узундугу устачылыгыма пайда алып келет. Көптөрдү убара кылып, стол койдурбай шыбак жасап берем (күлүп). «Тигини же муну алып берип койчу» десе өйдө тура калып алып берип коём. Кайын журтка же башка жакка барганда эшиктерди көп сүзүп алам. Өзүмдүн үйүм мага ылайыктуу болуп курулган. Ошондой көрүп эшиктерди сүзүп алып, ыңгайсыз абалда калам. Кандай унаага отурсам дагы тизем тийип, ыңгайсыздык жаратат. Өзүмдүн унаамды өзүмө ылайыкташтырып, отургучун жылдырып коюп алгам. Көп нерсени өзүмө ылайыктап, ыңгайлаштырып жасап алам. Азыр чөп жыя турган бастырма жасап жатам. Ал дагы бийик. «Эмне мынча бийик кылгансың?» деп сурашат. «Өзүмө ылайыктуу» деп коём (күлүп).

Таразага көптөн бери түшө элекмин. Акыркы жолу түшкөндө 78-79 кг болчумун. Албетте бул салмак боюма туура келбейт. Башка үйлөргө барып калсам кечкисин байкабай кир жайган зымдарга илинип калам. Досторум эңкейип өткөн жерден мен аттап өтүп кетем. Боюм 10-15 см кыскараак болсо деп калам. Бирок кудай берген бой, элдин керегине жарап жатам. Союз мезгилинде кийим тандоого мүмкүнчүлүк аз болчу. Азыр кийимдерден кыйналбайм. Бутумдун өлчөмү 43. Көбүнчө спорттук кийимдерди кийип жүрөм», - деди ал.

Жубайы Жазгүл айымдын айтымында, экөө 2002-жылы баш кошкон.

«Алгач таанышканда аябай узун экен деп, көзүмө башкача көрүнгөн. Башында үй-бүлөм дагы таң калган. Азыр көнүп калдым. Жолдошум мени «келишимдүү, бою узун жигит болгонум үчүн тийип алган» деп тамашалап калат (күлүп). 2 кыз, 1 уулубуз бар. Алардын дагы бою узун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×