Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 17.06.2019 14:32 На русском

Тоңдо атылган октон каза болгон чабан жөнүндөгү маалымат такталып жатат

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Тоң районунун Сырт өрөөнүндө чабандардын арасында ок атылып, бир адам каза болгону жөнүндө социалдык тармактарда тараган маалымат такталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, милицияга өзүн-өзү аткан адам каза болгондугу жөнүндө кабар жеткен.

«Бүгүн, 17-июнда саат таңкы 4:00 чамасында Тоң РИИБге Сырт өрөөнүндөгү адам ок атуучу курал менен өзүн-өзү атып каза болду деген маалымат түшкөн. Бул маалыматты териштирүү үчүн Тоң РИИБдин ыкчам тергөө кызматы Сыртка жөнөп кетишти. Ал жакта уюлдук байланыш жок болгондуктан маалымат түшө элек. Тергөө кызматы келгенден кийин толук маалымат болот», - деп билдиришти башкармалыктан.

Аталган маалымат чыккандан кийин эртеси, 18-июнда Ысык-Көл ОИИБден Сырт өрөөнүндө 29 жаштагы малчы өзүнүн жубайын атып өлтүргөндүгү такталгандыгын билдирди.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерде жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында Тогуз-Булак айылынын 29 жаштагы тургуну К.И. өзүнүн жубайы А.Н. менен элдин малын багып келүү үчүн аталган жайлоодо убактылуу жашап жүрүшкөндүгү такталды. 16-июнь күнү кызганычтан улам жубайлардын ортосунда чатак чыгып, күйөөсү К.И. жубайы А.Н.ди көкүрөккө атып жиберген. Келин алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон. Күйөөсү ок атылган сайсыз мылтыкты мыйзамсыз жана эч бир уруксат кагаздары жок сактап жүргөн.

Аталган факты боюнча КРнын Жазык кодексинин 130 (киши өлтүрүү) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка далил зат катары ок атуучу курал алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×