Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусуБакай-Ата району 19.06.2019 09:46

Эл ичи — өнөр кенчи: Бакай-аталык А.Бийкеев көк бөрү ойноп, ийгиликтерге жетишип жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылынын 26 жаштагы тургуну Айбек Бийкеев 10 жылдан бери көк бөрү ойноп, ийгиликтерге ээ болуп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда «Бакай-Ата» командасынын катарында оюндарга чыгып жүрөт.

«Кичинекей кезимден бери эле ат мингенге кызыгам. Айылдагы улакчы акелердин ойногонун көрүп абдан кызыгар элем. Мен дагы алардын катарына кошулуп ойногум келчү. Айылдык Медет, Нурлан аттуу акелерим улак чапканды үйрөтүшкөн. Алар кайсы жакта оюн болуп жатса мени кошо ээрчитип барып, элге аралаштырып көндүрдү. Анда мен 17 жашта болчумун. 2 жыл айыл ичиндеги оюндарга чыгып, өзүмдүн кызыгуум үчүн катышып жүрдүм. 19 жашка чыкканда командага кошулуп ойной баштадым. Азыркы учурда «Бакай-Ата» командасында жүрөм. Командабыз менен чоң оюндарга катышып жүрөбүз. Бирок оюнда бирде жеңилсек, бирде жеңебиз. Көк бөрү ошонусу менен кызык.

Күлүгүм Акжал 7 жашта. Оюнга 20 күн калганда бастырып, чуркатып даярдык көрөбүз. Негизи көк бөрү оюну башка улуттук оюндарга караганда алда канча оор. Муну баш-оту менен берилип ойногондор гана жеңилдетип кетет. Кээ бирде жаракат алган учурлар болот. Күндүн ысык-суугуна карабай ойнойбуз. Келечекте өсүп келе жаткан жана улакка кызыккан жаштардан команда түптөөнүн үстүндө аракет кылып жатам. Убагында мага дагы акелерим үйрөтсө, мен дагы инилериме үйрөтүп, оюнга алып чыгышым керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×