Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусуБакай-Ата району 19.06.2019 18:22

Айыл турмушу: Ырчы Ч.Сатаевдин келини А.Ниязалиева айылда чеберчилик менен иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын 32 жаштагы тургуну Анара Ниязалиева кагаздан 500 сомдук гүлдөрдү жасап сатууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Кум-Арык айылын кызы. Боо-Терек айылына 2007-жылы келин болуп келген. Жолдошу Таалай Сатаев айтылуу ырчы Чубак Сатаевдин баласы.

«Өзүм кыргыз элине таанымал ырчы Чубак Сатаевдин келини болом. Жолдошум Таалай кайын атамдын ырларын тойлордо ырдап жүрөт. Мен жаңы келин болуп келгенде сыртка чыгып калсам, кээ бир адамдар Чубак Сатаевдин келини деп карап калышчу. Кесибим боюнча ашпозчу жана тигүүчүмүн. Бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу убагында иштей алган эмесмин. Бирок азыркы учурда айыл ичиндеги тигүү ишканаларында тигүүчү болуп иштеп келем. Тамакты жана таттууларды жакшы жасайм. Ашпозчу болуп иштебесем дагы үйдөн таттууларды түрлөп жасап турам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле кагаздан гүлдөрдү жасоону интернеттен үйрөнгөндүгүн белгиледи.

«Көбүнчө уй жумуштары менен алекмин. Бирок мындан 1 жыл мурун кагаздан гүлдөрдү жасоого кызыгып калдым. Атайын интернеттен карап үйрөнө баштадым. Акырындык менен 1 даанадан гүл жасап жүрүп, акыры үйрөнүп кеттим. Алгач жасаган гүлдөрүмдү өзүмдүн жакын адамдарыма өз колуман жасалган гүл деп белекке берип жүрдүм. Акырындык менен акчага жасатып кетип жаткандар да болду. Көбүнчө мектепке, майрамдык иш-чараларга жасап жүрдүм. 1 даана гүлдү 20 сомдон саттым. Ал эми атайын жасалган гүлдестелерди 250 сомдон 500 сомго чейин баалап сатам. Жасаган гүлдөрүмдү социалдык тармактагы баракчаларыма жүктөйм. Ошол жактан көрүп жасатып кетишкендер көп болот. Гүлгө керектүү материалдарды атайын базардан сатып келем. Баасы өтө кымбат эмес, 60 сомдон. Гүл жасоого атайын убакыт бөлбөйм. Бош учурумда эле отуруп жасай салам. Колум көнүп калгандыктан бат эле жасап бүтөм. Айыл ичинде бул эң сонун жумуш. Үйдө отуруп кошумча киреше таап турам. Буйрутма менен кийимдерди тигем», - деди ал.

Анара айым 2 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×