Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусуБакай-Ата району 20.06.2019 18:20 На русском

Айыл турмушу: 7-класска чейин гана окуган Айтбү апа жаш кезинде депутат болуп шайланган (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Үрмарал айылынын 83 жаштагы тургуну Агынай кызы Айтбү апа жаш кезинде ак эмгегинин негизинде депутат болуп шайланган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Мектепте 7-класска чейин билим алган.

«1954-жылы 7-июль күнү Бакай-Ата районунун Үрмарал колхозуна келин болуп келдим. Аябай жакшы жердин келини болдум. Жакшы кайын энем, жакшы абышкам бар болчу. Абышкам Алибиев Асан экөөбүз 4 эркек, 6 кыздуу болдук. Абышкам 1991-жылы көз жумду.

Уул-кыздарыбызды тамекиде иштеп жүрүп чоңойттук. Ишимден жетишкендиктерим үчүн көп сыйлыктарга ээ болдум. Тамекиде иштегенде тизеден суу кечип көчөт тигип, гектарлаган жерди карап, жыйынтык көрсөтчүбүз. Ишке жараган балдарыбызды алып барып, гектарлаган жерде ысыкка карабай иштечүбүз. Тамекини үзгөн кезде тамекинин ачуу чайыры колдон кетпей калчу. Анан чайырды тамакка кошо жеген күндөр көп болду. Ошол чайыр колдор менен камыр көптүрүп, тамак жасап жүрүп, акыры чайырдын даамы да сезилбей калчу. Сууда ылай кечип жүрүп буттар жарылып, канап кетчү.

Тамекиде 1957-жылдан баштап 1996-жылга чейин иштедим. Ошонун негизинде айылда 1981-жылдан 1986-жылга чейин айылдык кеңешке депутат болуп шайланып иштегем. Айылда кайын инилерим «депутат жеңе» деп чакырып калышат эле. 1957-жылы төрөлгөн экинчи кызым Алмакан Исмаилова да депутат болгон. Иштин, жакшы жыйынтыктардын негизинде Москваны көрүп келүү үчүн жолдомо алгам. Ошол учурда декретте болуп калып, ордума башка адам барган эле. Кийин ошондой эле жолдомо менен Алматага барып келгем.

Жашыңда эмгек, карыганда дөөлөт деген ушул экен. Эми минтип балдарыбызды өз ордуларына жайгаштырып, ар бири өз оокаты менен кетип, чайга чакырып тургандарына гана ыраазы болот экенсиң», - деди ал.

Айтбү апага акыркы жылдары «Үлгүлүү эне», «Кутман айым», «Кутман эне» деген сыйлыктар берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×