Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуМанас району 21.06.2019 15:03

Таластагы чек арадан 3 тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз алып келе жаткан адамдар кармалды

Turmush -  Кечээ, 20-июнда Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинде 3 тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган адамдар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арачылар Казакстандан келе жаткан «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унааны текшеришкен. Анын бензин куюучу кошумча багынан 300 литр бензин табылган.
Ушул эле күнү аталган чек ара бекетинде «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа текшерилген. Анын ичинен 50 литрлик идиштерге куюлган 3 тонна дизель майы табылган. Айдоочулар Кыргызстандын жарандары болушкан. Аларда жүктөргө тиешелүү документтер жок болгон. Кармалгандар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×