Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 22.06.2019 14:00 На русском

Талас шаарындагы көчөдө 2 унаа кагышты

Turmush -  Бүгүн, 22-июнда эртең менен Талас шаарындагы Бердике баатыр жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде 2 унаа кагышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдирди.

Маалыматка караганда, «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү унаа менен «Ауди 80» үлгүсүндөгү унаа кагышкан.Тез жардам кызматы келип, жабырлануучуларга жеринен жардам көрсөтүштү. Ооруканага түшкөндөр болгон жок.

Бул маалыматты Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташып, материалдык гана чыгым болгонун билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×