Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусуБакай-Ата району 24.06.2019 09:31

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында үчүнчү мектеп ачылды

Turmush -  Кечээ, 23-июнда Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында үчүнчү мектеп ачылды. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Айгүл Батырбекова билдирди.

«Бизде айылыбызда үчүнчү мектеп ачылды. Ар биринде стандартка жараша балдар окушат. Бул С.Собуров атындагы мектеп элдин муктаждыгына жараша 2 класс гана болуп, ашканасы жок болчу. Балдар стандартка туура келбеген жерде окучу. Бул мектептин жаңы имараты 3 ай ичинде курулуп калды. Имарат Кувейт мамлекетинен демөөрчүлөрү тарабынан салынды. Айыл өкмөттөн 500 миң сом бөлүндү. Жалпы сметасы 13 млн сом болду. 125 орундуу мектепте 1-класстан 9-класска чейин балдар окушат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×