Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуБакай-Ата району 25.06.2019 13:18 На русском

Кабыргалары сынган: Бакай-Атада 65 жаштагы адам өз үйүндө мерт болду

Turmush -  21-июнда Бакай-Ата районунун 1-Май айылында 65 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-июнь күнү саат 21:50 чамасында 1-Май айылынан билдирүү түшкөн. Жерине Бакай-Ата РИИБдин ыкчам тобу барган. Айтылган даректен 1954-жылы туулган А.Д.нын денеси табылган. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Себеби анын денесинен зомбулуктун белгилери табылган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 1976-жылы туулган тургуну кармалды.

Ал эми өздүк булактардын маалыматына караганда, каза болгон адам менен шектүү экөө окуя болгон жерде чогуу 2 күн катары менен арак ичишкен. Каза болгон адамдын бир тууганы үйүнө барган учурда шектүү башка бөлмөдө жаткан.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча каза болгон адамдын 6 кабыргасы сынгандыгы такталды. Аны стол менен урган. Маркум ошол жаракатынан улам көз жумган деп болжолдонуп жатат. Ал жубайы жок жалгыз жашап жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×