Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 27.06.2019 13:16

Волейбол боюнча республикалык мелдеште таластык спортчулар 2-орунду ээледи

Turmush -  20-июндан 25-июнга чейин Ысык-Көл облусунун Бостери айылында волейбол боюнча өткөн республикалык мелдеште Талас районунун Кууганды айыл аймагынын командасы 2-орунду ээледи. Бул тууралуу аймактагы кабарчыга команданын оюнчусу Урмат Нусупов билдирди.

Анын айтымында, мелдеш «Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө» деген ураандын астында өттү.

«Мелдештин акыркы күнүндө Баткен облусунун командасы менен оюн болду. Оюн кызуу өтүп, натыйжада 3:1 эсебинде Талас облусу 2-орунга чыкты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×