Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 27.06.2019 14:30 На русском

Индиянын элчилигинин кызматкери Таластагы тоого барган соң оор абалда ооруканага жеткирилди

Turmush -  25-июнда Талас шаарына келген Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү реанимацияга түшүп калды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, 25-июнь күнү Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри башында турган делегация келип, Талас шаарында йога күнү белгиленген. Ошол күнү алар тоо тарапка барышкан. Алардын ичинен 1964-жылы туулган Р.В.К. өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген.

Талас облустук биргелешкен ооруканасынан аталган маалыматты тастыкташты.

«Бизге 25-июнь күнү 1964-жылы туулган Р.В.К. жеткирилди. Ал жүрөктүн согуу ритминен чыгып, бат согуусу деген диагноз менен келген. Бул бейтаптын жүрөгүнүн согуусу 1 мүнөттө 180ге чыгып кеткен. Биз биринчи текшерүүдөн өткөрүп, реанимация бөлүмүнө жаткырдык. 1 күн биздин көзөмөлүбүздө болуп, кечээ, 26-июнь күнү саат 20:00дө реанимациянын атайын унаасы менен Бишкекке которулду», - деди дарыгерлер.

Окуя тууралуу:

25-июнда Талас шаарында 100дөн ашык адам йога менен машыккандыгы кабарланган.

Маалым болгондой, иш-чара 21-июнда белгиленип келе жаткан йога күнүнө карата уюштурулган. Саамалык Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри, Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиевдин катышуусунда өткөн. Элчиге Таластын жетекчилиги тарабынан ыраазычылык кат тапшырылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×