Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 28.06.2019 10:01 Жаңыланды: 07.10.2019 17:24

Айыл турмушу: Таластык Калбүбү апа кол өнөрчүлүгү менен айылдаштарына кызмат кылып жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Беш-Таш айылынын 69 жаштагы тургуну Качкынбекова Калбүбү апа айыл элине кол өнөрчүлүгү менен кызмат кылып келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр деген жеринде төрөлгөн. Кесиби боюнча тарыхчы мугалим.

«Таластын Беш-Таш айылына келин болуп, ушул айылдагы мектепте 41 жыл иштедим. Жолдошум менен Бишкекте студент болуп жүргөндө таанышып, жашоо жолубуз бир болуп калды. Кесибимди аркалап, балдарга билим берип, мектептин, райондун, облустун, министрликтин грамоталарын алдым. 1998-жылы «Билим берүүнүн отличниги» наамын ыйгарышты. 4 классты ийгиликтүү бүтүрдүм. Ата-энем дагы мугалимдер болушкан. Атам орус тилинен, апам кыргыз тилинен сабак беришкен. Апам абдан иштүү киши болгон. Шырдак шырып, керме сайчу, курак курачу. Жайкы каникулга эс алууга үйгө барганда жанына отургузуп алып, аял кишиге тиешелүү жумуштарды үйрөтчү. Бир жеринде ката болсо же айтып жаткан нерсесин туура эмес жасаган болсом колго чаап жиберчү. «Кыздардын колу эптүү болуп, колунан тигүүчүлүк иш келиши керек» деп айтчу. Мен 12 бир туугандын улуусумун. Мээнеткеч болуп чоңойдум. Менден кийинки бир туугандарым үйрөнүп чоңоюшту.

Ошентип пенсияга чыкканда кол өнөрчүлүккө келдим. 2007-жылдан бери кол өнөрчүлүк кылам. Үйдө жөн эле отура бербей деп апамдан үйрөнүп алган жумушту колго алып, элиме кызмат кылып, каражат таап калам. Менин курактарым бир аз кымбат. Себеби сапатына карап жана кездеменин жакшысын тандап, заманбап кылып жасап берем. Чыптамаларга караганда куракка буйрутмалар көп келет. Кыздарыма жана башка буйрутма бергендерге курак менен сеп даярдап бердим. Курак майда иш болгондуктан кесиндилерин эринбестен өзүм кесип жасайм. Бирөөнү кошсом анын жасаганы жакпай калып, айтсаң таарынып калат. Ошондуктан баарын сантиметрлеп даярдап алам. Айрымдар кесиндинин учтарын дал келтирбей тиге беришет. Мен антип тиге албайм, кылдаттык менен жасайм. Учтары дал келбей калып же мага жакпай калса, дароо сөгүп кайрадан тигем. Ошондуктан кол эмгекти жасоодо сабырдуу болуш керек. Даяр болгон төшөнчүлөр көп жылга эч нерсе болбостон колдонулат деп айта алам.

Төшөктөр 300 сомдон сатылат. Ал эми жөнөкөй курак курасам ал арзаныраак болот. Себеби ага 52 чарчы метр кездеме гана кетет. Азыр интернеттен карап, идеяны күчтөп, түркүн буюм жаратса болот. Аны дагы көздөп жатам. Менин жолумду улуу кызым улап, кол өнөрчүлүк кылып жүрөт», - деди ал.

Мугалим апа 1 уул, 3 кызынан 16 неберелүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×