Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусуБакай-Ата району 28.06.2019 12:10

«Мектеп боюнча биздин эжекебиз сулуу»: М.Муратбекованын окуучулары анын көйнөктөрүн кармалап да көрүшөт (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын тургуну Мээрим Муратбекова 9 жылдан бери башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ушул эле айылда чоңойгон. 2001-жылы өзүнүн айылдашына турмушка чыккан.

«9 жылдан бери кесибим менен иштеп келем. Башталгыч класстын мугалими болгондуктан алар менен иштөө жана сабак өтүү абдан кызыктуу. Башында ушул эле айылдагы Дүйшөбаев мектебинде эмгек жолумду баштагам. Шартка байланыштуу азыркы учурда Б.Сатыбеков атындагы мектепке которулуп келгем. Быйыл 4-класстын окуучуларын бүтүрдүм. Мугалимдик кесипти чын дилимден сүйүп иштегендиктен чоң жетишкендерге ээ болуп келем. Ар бир кесиптин кыйынчылыгы болбой койбойт. Менин дагы башымдан кыйынчылыктар көп эле жолу өттү. Бирок чыдамкайлык менен жеңсең ийгиликтер келе берерин түшүндүм.

Негизи эле мугалим болуу кыйын. Мугалим деген өзү ар тараптуу болушу керек. Окуучуларга ырчы-бийчи болуп, ошол эле убакта актриса болуп роль ойношуң керек. Ар бир баланын мүнөзү ар башка. Ар бир баланын мүнөзүнө жараша мамиле жасап, көңүл бурушуң керек. Кичинекей балдарды окутуу абдан кызыктуу. Үйдөн ата-энелеринин айтканын угушпай, менин айтканымды мыйзам деп кабыл алышат. Кээ бир ата-энелер «үйдөн биздин айтканыбызды укпай, «эжекебиз мындай деп айткан» деп, сенин айтканыңды аткарышат» деп күлүп калышат.

Жумушка ар кандай кийим кийип баргандыктан окуучуларым кийген кийимдериме чейин кармалап көрүп, сынашат. Кооз көйнөктөрдү кийип барып калсам «бүгүн сулуу болуп калыпсыз го» деп айтышат. «Эже, сиз кечээ күнү колуңузду башкача кылып боёп келгенсиз, бүгүн башка өңгө боёпсуз ээ» деп калышат. Кээ бир окуучулар үйүнө: «Мектеп боюнча биздин Мээрим эжекебиз сулуу, анын кийимдери көп. Күндө сонун кийимдерди кийип келет. Эжекебизди карап эле отура бергиң келет» деп айтып барышат экен.

Мугалимдик кесиптен көп ийгиликтерге ээ болдум. Улуу муундагы мугалимдердин акыл-насааттарын алып, билбегенимди билүүгө аракет кылам. Менин ийгилигиме «Келгиле бирге окуйбуз» долбоору жардам берди десем жаңылбайм. Себеби бизге окуучуларды окутууда көп жеңилдиктерди көрсөтө алды. Райондук семинарда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата тарбиялык саат өтүп, окуучулар мыкты катышып, эң жакшы деген баа алдык.

Андан сырткары райондон «Жыл мугалими» сынагына катышып, баш байгеге ээ болдум. Облустан 1-орунга жеттим. Менин ийгилигиме үй-бүлөм чоң салым кошту. Жолдошум, уулум, кыздарым колунан келген жардамдарын беришти. Жолдошум «Сени менен мектеп жамааты эле эмес, мен дагы сыймыктанам. Мугалим аял алганыма сүйүнөм» деп калат», - деди ал.

Мугалим айым 1 уул, 3 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×