Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуМанас району 28.06.2019 14:02

Таласта 800 литрден ашык күйүүчү-майлоочу май алып келе жаткан унаалар кармалды

Turmush -  Кечээ, 27-июнда Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинде мыйзамсыз түрдө күйүүчү-майлоочу май алып келе жаткан унаалар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арачылар Казакстандан келе жаткан «Мерседес» жана «MAN» үлгүсүндөгү чоң унааларды токтотушкан. Алардан техникалык документте көрсөтүлбөгөн кошумча бактар табылган. Аларга куюлган майдын көлөмү 800 литрден ашкан. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин Кыргызстандын 1992-жылы туулган жараны Э.Н., жана 1962-жылы туулган жараны Д.А. кармалды. Алар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×