Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Баракелде, Бишкек 02.07.2019 16:17 На русском

Жол кырсыгында апасы менен сиңдисинен айрылган Амина оор операция алдында жатат

Turmush -  Жол кырсыгына кабылган 13 жаштагы Амина учурда Москва шаарында оор операция алдында жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын атасы Элдияр Абдылдаев билдирди.

Ушул жылдын 5-апрелинде Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, Аминанын 10 жаштагы сиңдиси каза болгон. Өзү менен чогуу 5 адам ооруканага жеткирилип, көп өтпөй апасы дагы көз жумган.

Буга чейин Turmush басылмасы аталган күнү кечки саат 18:32 чамасында Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө Бөкөнбаев —Каракол унаа жолунун 210-чакырымында, тактап айтканда Балтабай айылынын аймагында жол кырсыгына кабылган үй-бүлө кайрылганын, ошондой эле жол кырсыгына кабылган айдоочу өзүнүн «Тойота Кровн» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, уктап кеткендигин жазган. Ал үй-бүлөсү менен Нарын облусунан үйүнө бара жаткан.

Аминанын атасы кызы кекиртегинен операция болорун, учурда абалы оор экендигин айтты.

«Мен Москва шаарында такси кызматында иштейм. Үй-бүлөм Кыргызстанда кайын журтумдукунда жүргөн.

Жол кырсыгына кабылган унааны кайын атам башкарып бара жаткан экен. Унаада андан башка кайын энем жана менин үй-бүлөм, балдызымдын кичинекей кызы болгон. Кайын энем алдыңкы, келинчегим менен эки кызым жана балдызымдын кичинекей кызы арткы орундарга отурушуптур. Жети-Өгүз районунун Балтабай айылына жеткенде кайын атам уктап кетип, бакты сүзүптүр. Анын кесепетинен 9 жаштагы кичүү кызым мерт кетиптир. Андан кийин келинчегим жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болду. Ал эми улуу кызым Амина 11 күн комада жатты. Ал жактан Бишкекке алып келдик. Эми бул кырсык экен. Кайын атам жаман болуп жатат. Ал дагы, кайын энем дагы операция болуп чыгышты.

Шаардагы дарыгерлер кызымды Москва шаарына операцияга жөнөтүштү. Бул операцияга 500 миң рубль сарпталат экен. Өзүмдүн иштеп жүрүп тапкан акчамды жумшадым. Мындан тышкары туугандарым, эл жардам берип жатышат. Бирок дагы 200 миң рубль акча жетпей жатат. Азыр кызымды операцияга даярдап жатышат», - деди Аминанын атасы.

Элдияр Абдылдаевдин сберкартасы: 5469 3800 2180 8323

Байланыш номуру: +7 965 402-75-75.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×