Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусу, Талас 05.07.2019 16:49

Таласта ак халатчандар сыйланып, мыкты медициналык мекеме аныкталды

Turmush -  Талас шаарында 4-июлда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде өткөн иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана ак халатчандар катышты. Анда Талас облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде 146 дарыгер жетишсиз экени айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө медицина кызматкерлерине ардак грамота тапшырылды. Талас облустук кургак учукка каршы борбору «Мыкты мекеме» наамына татып, 5 миң сом менен сыйланды.

Ал эми Кара-Буура райондук биргелешкен ооруканасы «Мыкты жамаат» наамын алды. «Мыкты санитардык-эпидемиологиялык мекеме» деп Бакай-Ата райондук санитардык эпидемиологиялык борбор табылды. Ошондой эле Талас шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен 7 кызматкер сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×