Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусуТалас району 09.07.2019 14:56

Айыл турмушу: 19 жаштагы Айзат шахмат боюнча мелдештерде алдына ат салдырбайт

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 19 жаштагы тургуну Сыргак кызы Айзат шахмат оюну боюнча «Спорт чебери» наамын алууга даярданып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепте окуп жүргөндө шахмат ойногонду атасы үйрөткөн.

«Атам экөөбүз канча ойносок дагы мен утулуп калчумун. Бирок убакыттын өтүшү менен шахмат оюнун жакшы өздөштүрүп, бара-бара мен атамды ута баштадым. Мектептер арасындагы шахмат оюну боюнча мелдештерде ийгиликтүү келчүмүн.

Мектепти аяктап, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында 1-курста окуп жүргөндө шахмат менен профессионалдык деңгээлде машыга баштадым.

Ал жерде таймаш өтөрүн угуп, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Мелдештин жыйынтыгында мен жана магистрант экөөбүз 1-орунду алдык. Ошондон кийин окуу жайдын курама командасына мүчө болуп кирдим.

2-курста дагы жогорку курстар арасындагы мелдеште жеңүүчү аталып, андан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректорлугунун жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин ассоциациясынын кубогуна жолдомо алып, катышып калдым. Ага спорт чеберлери жана спорт сүйүүчүлөрү катышып, ал жерден 2-орунду камсыздадык. Бул менин башталгыч гана ийгиликтерим деп билем, буюрса жакынкы аралыкта «Спорт чебери» наамын алууну максат кылып жатам», - дейт ал.

Сыргак кызы Айзат жогорудагы ийгиликтерге жетишкендиги жана коомдук иштерге активдүү катышканы үчүн КМЮАнын ректору Бактыбек Рысмендеев тарабынан «Азамат» төш белгиси менен сыйланган.

Айзат үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×