Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусу, Талас 09.07.2019 16:45

Талас шаарынын вице-мэри Дамирбек Курманалиев отставкага кетти

Дамирбек Курманалиев
Дамирбек Курманалиев

Turmush -  Талас шаарынын биринчи вице-мэри Дамирбек Курманалиев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул маалыматты Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков тастыктады.

Анын айтымында, Д.Курманалиев 5-июль күнү өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазган.

«Буга чейин эле ал «эмгек өргүүгө чыгам, андан соң жумуштан кетем» деп айтып жаткан. Бир аз убакыт мурун жумуш боюнча түшүнбөстүктөр болгонун мойнума алам. Анын жумуштан кетишине мен эч кандай кысым кылган жокмун. Үй-бүлөсүн шаарга көчүрүп кетти, өзү дагы кетет экен деп укканбыз. 7-июлда жумуштан кетүү арызына кол коюлуп, буйрук чыкты», - деди мэр.

Талас шаарынын вице-мэри кызматынан кетип жаткан Дамирбек Курманалиев: «Мен 1 ай мурун мэр Айдар Жузупбековдон үй-бүлөлүк шартка байланыштуу бир айлык эмгек өргүү сурагам. Ал ошол жерден эмгек өргүүгө чыгуу арызы менен бирге жумуштан кетүү арызын кошо жаз деп кысым кылды. Мага үй-бүлөлүк шарттар боюнча эмгек өргүү керек болгондуктан арыз жазып, чыгып кеттим.

Мен жазган арызда 5-июль көрсөтүлгөн. Ал күнү менин эмгек өргүүм бүтмөк эле. Мен биринчи жазылган арыз каттала электе, 3-июль күнү жумуштан кетүү боюнча арызымдан баш тартам деп каттоодон өткөргөм. Ага карабастан 5-июлда менден бир ай мурун жаздырып алган арызымды каттатып, 7-июль күнү жумуштан бошотуу боюнча буйрук чыгып жатат. Мен 5-июлдан бери ден соолугума байланыштуу ооруканада жатам. Ал күндөрү мэрдин почтасына дагы арыздарымды, ооруканада жаткандыгым тууралуу кабар берип жаттым», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×