Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусуТалас району 10.07.2019 14:22

Эл ичи — өнөр кенчи: Айылдык ырчы Н.Шабданова күнүнө жаңылмачтарды айтып, үнүн машыктырып турат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Арашан айылынын 45 жаштагы тургуну Нуржамал Шабданова талантын чоң сахнага алып чыга албаса дагы, коомдук иштерге катышып, жандуу үн менен өнөрүн тартуулап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылынан төрөлгөн.

«Чоң апам ырчы болчу. Неберелеринен мен ырдап калгам. 5-классымдан ырга жакын болуп, созолонто ырдап жүрчүмүн. Кийин чабандарга концерт коюп жүрдүк. Айыл өкмөттөн автобус менен алып барып, ошол эле барган жүк ташуучу унаанын үстүндө кыргыз көйнөктөрдү кийип алып концерт коюп келчүбүз.

1993-жылы филармониядан вокал боюнча сабак алгам. Фортепианодо ойноп, комуз чертем. Лира Райымбекова, Дамира Ниязбекова деген ырчы айымдар менен бирге музыкалык билим алгам. Окууну бүтүп, Ысык-Көлдө маданият сектору болуп эмгектендим. Турмуш жолуна келгенде жолдошум талантымды тартуулаганга мүмкүнчүлүк берген жок (күлүп). Антпесе сахна жылдызы болуп, эл астына чыгып жүрмөкмүн. Үй-бүлөнү дагы түптөп, аны бага билиш керек эмеспи. Кудайга шүгүр, жолдошум экөөбүз 6 баланы тарбиялап келебиз.

Кийин айылдык мектепке иштеп, 1-2 жолу ырдап калсам эл «талантыңды сары майдай сактап жүрөсүңбү?» деп баалап калды. Алгач мектептин иш-чараларына катышып жүрүп, кийин коомдук иштерге активдүү катыша баштадым. Ыр кесе, сармердендерге катышып турам. Ырдоо өнөрүмдү элге тартуулоодон жан дүйнөм эс алат. Талантымды жашырып үйдө алып отура албай койдум. Даярдыктан өтүп катышып турам. Үнүмдү карайм, балмуздак жебей, жаңылмачтарды бат айтып машыгып турам. Даярдыгы жок сахнага чыккан жакшы эмес.

Бир жолу сахнага башка ыр ырдайм деп камданып тургам. Аккордеончу сахнага чыгып эле сүрдөнүп кетип, башка обонду ойноп кетти. Мен эки жагымды карап, ошол обондогу ырдын текстин бирин эстесем, бирин унутуп ырдап кеткем. Унутум калган жеримден «чогуу, кошулуп ырдайбыз» деп билгизбей кеткем (күлүп).

Жандуу үн жакшы. Мен өзүм жандуу үндүү музыкаларды укканда мээм сергийт. Бир күндө токтобой 10дон ашык ырды жандуу үн менен ырдап берем. Учурда дагы активдүүлүгүмдү көрсөтүп, айылдын атынан ырдап чыга калам. Мен искусствого жакын адам экенмин. Жумуш жасап жатканда дагы ырдап, кабак түйбөйм (күлүп). Айылда дыйканчылык, мал чарба менен алектенебиз», - деди ал.

Нуржамал айым 6 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×