Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусуКара-Буура району 10.07.2019 17:12 На русском

Кара-Буурада кардиолог дарыгер Мухамед Эшалиев дүйнөдөн кайтты

Turmush -  Кара-Буура райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун кардиолог дарыгери Мухамед Эшалиев 68 жашында узак оорудан улам кечээ, 9-июлда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын кесиптештери билдирди.

Маалыматка караганда, анын сөөгү бүгүн, 10-июлда жерге берилди.

2

Өмүр баяны:

- Эшалиев Мухамед Барпыбекович 1952-жылы Кара-Буура районунуна караштуу Чолпонбай айылында төрөлгөн;

- Мектепти аяктагандан кийин 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, 1976-жылы терапевт дарыгер адистигине ээ болуп чыккан. Ошол эле жылы республикалык клиникалык оорукананын базасында интернатурасын өткөн;

- 1977-1981-жылдар аралыгында Кара-Буура районунун Манас участкалык ооруканасында дарыгер-терапевт болуп эмгектенген;

- 1981-1993 -жылдары Манас участкалык ооруканасынын башкы дарыгери болуп иштеген;

- 1993-жылы К.А.Субанбаев атындагы Кара-Буура борборлоштурулган ооруканасынын дарылоо иши боюнча орун басары болуп которулган;

- 1997-2003- жылы аталган мекеменин терапия бөлүмүнүн башчысы;

- 2003-жылдан 2014-жылга чейин Кара-Буура райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору;

- 2014-жылы ардактуу эс алууга чыгып, кардиолог дарыгер болуп өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин эмгектенип келген;

- Саламаттык сактоого кошкон зор салымы үчүн 1999-жылы «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен, 2008-жылы КРнын президентинин ардак грамотасы жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×