Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусуМанас району 11.07.2019 16:10

Сууга түшкөнү кеткен адамдын денеси 2 күндөн кийин табылды: Айылдагы табышмактуу өлүм

иллюстрациялык сүрөт // Turmush
иллюстрациялык сүрөт // Turmush

Turmush -  6-июлда Манас районунун Май айылынын сугат жерлерине суу бөлүштүрүүчү каналдан 53 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-июль күнү Манас РИИБге Манас районунун Бала-Саруу айылында жашаган Н.Р. аттуу аял кайрылып, 1966-жылы туулган жолдошу Б.О. Чоң-Капка айылы тараптагы сууга түшкөнү өзүнүн «Фольксваген Пассат» унаасын айдап кеткен боюнча кайрылып келбегендигин билдирген. Бул билдирүү боюнча дайынсыз жоголуу фактысы менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Издөө иштеринин жүрүшүндө О.Б.га таандык кара түстөгү «Фольксваген Пассат» Чоң-Капка айылынын жогорку тарабындагы тоонун боору менен аккан каналдын жээгинен табылган. Анын ичинде ээсине таандык шым, көйнөк болгон. О.Б.нын жайкы бут кийими каналдын үстүнөн табылган. Манас РИИБдин кызматкерлери аталган канал менен суу бөлүнгөн жерди талааларга чейин карап чыгышкан. 6-июль күнү Б.О.нун жансыз денеси Манас районунун Май айылынын сугат жерлерине суу бөлүштүрүүчү каналдын ичиндеги суудан табылды. Анын денесин текшерүү маалында башында жаракаты бар экени аныкталды.

Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×