Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусуТалас району 12.07.2019 12:16

Жаш талант: 15 жаштагы Шералы устачылык менен алектенип, спортко да аралашууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Арашан айылынын 15 жаштагы тургуну Кубаналы уулу Шералы айыл жумушун жеңилдеткен техникалардын макеттерин жасап жатат. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл 8-классты аяктады.

«Мен бир нерсе жасап, тегерегимдеги адамдарды кубандыргым келет. Негизи эле пайдам тийсе дейм. Картон кагаздардан, желим бөтөлкөдөн техниканын макетин жасайм. Жасагандан кийин кайра бузуп же башкаларга берип коём. Акыркы жолу жүк көтөргөн кран менен учак жасагам. Айыл жергесинде эл техниканын бардык түрүнө муктаж. Бизге окшогон кишилер роботторду жасап жатышат. Биз эмнеге алардай болуп туруп, алардын жасаганындай жасай албайбыз деп калам. Айыл элинин жумуштарын жеңилдетким келет. Жаштар техниканын тилин жакшы түшүнүшөт. Кара күч колдонуп кыйналышпаса дейм. Арнагүл апам кеңешчим, иштериме баа берип турат. Буга чейин унааларды жасагам. Ага ток кошуп, пульт менен башкара турган кылгам. Идеяларды интернеттен дагы алам.

Атам дагы устачылык менен алектенет. Атамдан көптөгөн жабдыктар менен иштөөнү үйрөнгөм. Кандай иш менен алек болсом дагы ата-энем тыйып койбостон колдоо көрсөтүп келишет. Бир нерсе жасардан мурда керектелүүчү каражаттарын ата-энеме айтып алдырам. Көргөзмөлөргө катыша элекмин. Алдыда крандын чоңурагын, бир адам отуруп айдай турганын жасайм деп камданып жатат. Кран көп жумуштарды аткарат. Ширетүү жумуштарын өздөштүрө элекмин. Ошондуктан атам жардамдашат. Буларды жасоодо физика жана математика сабактары керек. Мен мектептен жакшы окууга аракет жасайм. Себеби турмушка керек», - деди ал.

Каарманыбыз мындан тышкары 1 жылдан бери эрежесиз эр таймаш менен машыгат.

«Талас шаарына барып машыгып турам. Күнүгө 2 саат машыгам. Спортко аралашуума атам түрткү болгон. Облустар аралык мелдештерге катышып турам. Апрель айында Казакстанга барып келдим. Азыркы машыктыруучум Алик Алиев. Агайлар жүрүм-түрүм этикаларын дагы үйрөтөт», - деди ал.

Жаш уста үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү. Келечекте архитектор болууну көздөп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×