Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Талас облусу, Талас 12.07.2019 11:34

Талас шаарынын борбордук көчөсүндө 2 айдан бери түнкү чырактар иштебей жатат

Turmush -  Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндө түнкү чырактар 2 айдан бери иштебей жатат.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин айтымында, бул объекттер мэриянын балансына өтө элек.

«Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолундагы чырактар Транспорт министрлигинен биздин Талас шаарынын балансына өтө элек. Биз объект толук курулуп бүткөндө гана толук жоопкерчилик алабыз. Бүгүнкү күндө өчүрүлгөн. Себеби биз убактылуу гана пайдаланууга алгандыктан электр төлөмү келип калды. Биз мэриядан каржылайлы десек кагаз түрүндө бекитилген эмес, мыйзамсыз болуп калат», - деди ал.

Талас шаардык электр тармактар ишканасынын жетекчиси Нурдин Осмоновдун айтымында, Ч.Айтматов көчөсүндөгү жарык өчүрүлгөнүнө бир топ убакыт болуп калды.

«Учурда ал жарыктандыруу үчүн 204 миң 610 сом 16 тыйын карыз бар. Талас шаардык мэриясынын алдындагы коммуналдык чарба ишканасы төлөшү керек болчу. Биз аларга бир нече жолу кат менен кайрылдык. Катыбызга «төлөп беребиз» деп жооп келген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин төлөшкөн жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×