Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу, Талас 12.07.2019 16:08

Айыл турмушу: Таластык Г.Дүйшекеева 37 жылдан бери бөбөктөрдүн ден соолугун коргоп келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 59 жаштагы тургуну Гүлмира Дүйшекеева 37 жылдан бери бөбөктөрдүн саламаттыгын текшерип келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Чүй облусунун С.Ибраимов айылынын кызы.

«1978-жылы Кыргыз медициналык университетинин педиатрия бөлүмүнө баргам. 1981-жылы 3-курсумда таластык жигит Маралбек Усубалиевге турмушка чыккам. Жолдошум Политехте студент болчу. Окууну аяктаган жылы биринчи кызыбыз төрөлгөн. 1985-жылы Таласка көчүп келип жашап калдык. Башында балдар поликлиникасы деп аталган жерде иштеп келдим. 2001-жылы реформа болуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу деп аталды. Ошол жылдан бери бул жерде үй-бүлөлүк дарыгер болуп эмгектенип келем.

Мен кесибимди сүйөм. Кичинемден дарыгер болом деп айтчу элем. Өзүбүздүн үй-бүлөдө 6 кыз, 3 уулдун арасында чоңойдум. Атам жалгыз гана уул болуп, жалгыз эжеси бар эле. Ал эжем үйүбүзгө жакын жашагандыктан катар кыздар төрөлүп кыйналып жатат деп, бизге жардам берчү. Өзүнүн балдары болбогондуктан бизди аябай бакты. Мен аны апа деп чоңойдум. Ал киши мугалим болгондуктанбы бизге кесип тандоого ар адистикти айтып багыт берчү. Кичинекей балдарга жакын болгондуктан балдар дарыгери болом дедим. Ошол максат менен билим алдым. 37 жылдан бери бөбөктөрдүн саламаттыгын карап келем. Эң эле кубанганым — жумушка жаңы келгенде текшерген бөбөктөрдүн азыр балдарын карап калдым.

Бүгүнкү күндө 11 миң адамды тейлейм. Айрыкча эмдөөдө кыйын, чакырсаң келбей коюшат. Үймө-үй кыдырып, алып келип эмдетесиң. Бир үй-бүлөнүн 6 баласы бар эле. Арасында эгиз балдар дагы бар болчу. Аларды түшүнүп, тез жардамдын унаасы бошоп калганда алып келип, эмдөөдөн өткөрүп койчубуз.

Бир күнү эмдөөгө чакырып телефон чалсам улам «азыр барам» дейт. Өзүм барсам чыкпай, эшиктен башын чыгарат. «Сага эмне болду?» деп жанына барсам, курсактуу болуп калыптыр. Көрсө ал дагы кош бойлуу болуп, менден уялып келе албай жатыптыр. «Сизди урушат го» деп ойлогом дейт. «Эмнеге урушмак элем, аман-эсен көз жарып ал» деп каттоого алгам. Кудай жалгап, анда да эгиздер төрөлгөн. Ошентип ал үй-бүлө 8 баланын ата-энеси болушту. Улуулары чоңоюп калышты. Көргөндө кадыресе сүйүнөм. Кичинекей эгиздери менин көз алдымда чоңоюшту. Азыр 4 жашка чыгып, тилдери бал учуру. Жумушта элдин бактысына бөлөнүп, кошо сүйүнөсүң.

Биз жолдошум экөөбүз дагы 5 кыз, 1 уулдун ата-энеси болдук. Катары менен 5 кызыбыз төрөлдү. Жолдошум абдан жакшы киши эле, кыздарын аябай жакшы көрүп өстүрдү. Тилекке каршы 10 жыл мурун көзү өтүп кетти.

Улам төрөтканага барганда кыз деп угуп жатты. Уулдуу болгондо ишене албай, кайра тактап сураткан экен. Уулубуз 1995-жылы август айында Манастын миң жылдыгында туулган. Ошол кезде жолдошум куруучу инженер болгондуктан «Манас Ордодо» майрамга карата деп иштеп жүргөн эле. «Уулдуу болдуң» дегенде иштеп жаткан балдар менен 3 күн ишти токтотуп, майрамдашкан экен.

«Мындай маанилүү иш-чара болгону жатса, сен ишти токтотуп майрамдап жүрөсүң» деп тил угушкан экен. Кийин күлүп айтып жүрүштү. Ар бир бала өзүнүн ырыскысы менен төрөлөт деген чын. Кудайга шүгүр, 8 жээн-неберелүү болдук», - деди дарыгер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×