Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 13.07.2019 10:10 На русском

Талас шаарында жансыз денеси табылган адамдын ким экендиги такталбай жатат. Сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  10-июлда Талас шаарындагы көчөдөн жансыз денеси табылган адамдын ысымы аныкталбай жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-июлда саат 14:50 чамасында Талас шаарынын Жетиген аймагынан (чоң унаалар токтоочу жай) агып өткөн Жаңы-Чек каналынын жанынан азият түспөлүндөгү, 40-45 жаштар чамасындагы адамдын жансыз денеси табылган. Аны текшерүү учурунда денесинде күч колдонуунун белгилери табылган эмес.

Бул адамды тааныгандар болсо 0507 86 5252, 0708 38 83 07 номурларына же Талас ШИИБге 102 кызматы аркылуу кабарлап койсо болот.

attention

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×