Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусу, Талас 15.07.2019 11:30 На русском

Таласта жансыз денеси табылган адамдын ким экендиги аныкталып, сөөгү туугандарына тапшырылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  10-июль күнү Талас шаарында жансыз денеси табылган адамдын ким экендиги аныкталып, сөөгү туугандарына тапшырылды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Кара-Буура районунун 1978-жылы туулган тургуну экендиги такталды. Жубайы экөө 2 баланын ата-энеси. 3 айдан бери Талас шаарында жашап жаткан. Денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун белгилери болгон эмес. Сууга түшүп жатып чөгүп кеткен. Сөөгү туугандарына кечээ, 14-июль күнү өткөрүлүп берилди.

Окуя тууралуу:

10-июлда Талас шаарындагы көчөдөн жансыз денеси табылган адамдын ысымы аныкталбай жаткандыгы кабарланган. 10-июлда саат 14:50 чамасында Талас шаарынын Жетиген аймагынан (чоң унаалар токтоочу жай) агып өткөн Жаңы-Чек каналынын жанынан азият түспөлүндөгү, 40-45 жаштар чамасындагы адамдын жансыз денеси табылган. Аны текшерүү учурунда денесинде күч колдонуунун белгилери табылган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×