Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу, Талас 17.07.2019 17:07

Талас РИИБде милициянын жаңы кеңсеси ачылып, кызматтык унаа тапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 17-июлда Талас ОИИБде 2019-жылдын жарым жылдыгын жыйынтыктоочу ыкчам кеңешме өттү. Бул тууралуу аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ага ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов, Талас ОИИБдин жетекчиси Алмазбек Жумабеков жана башка милиция кызматкерлери катышты. Анда 6 ай аралыгында кетирилген кемчиликтер менен жетишкендиктер белгиленип, алдыдагы иш мерчемдер бекитилди.

Жыйындын соңунда министрдин орун басары Талас РИИБге барып, жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекциянын имаратынын ачылышына катышты. Имаратты толук оңдоо үчүн жергиликтүү фонд 1 млн сомго жакын каражат бөлгөн. Иш-чарада Талас РИИБге «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү кызматтык унаа да тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×