Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Талас облусуБакай-Ата району 19.07.2019 11:10 На русском

Эгиздер: Нагима менен Нагида айымдардын өздөрүнө караганда күйөөлөрү окшош (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн 32 жаштагы түгөйлөр Нагима жана Нагида Бакеевалардын төркүндөрү өздөрүнүн эмес, жолдошторунун окшоштугуна таң калышкан.

Нагима айымдын айтымында, эгизи Нагида 15 мүнөт эрте төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң улуусу бизбиз. 2005-жылы мектепти аяктадык. Негизи биз башка түгөйлөрдөй болуп окшош кийинген жокпуз. Окшош кийингенди жактырчу эмеспиз. 1-класста эле бир жолу апабыз бизге окшош костюм тигип берген эле. Анан мектепти бүтөлү деп калганда окшош кийингибиз келип, бир аз окшош кийинип калдык.

Биз эки тондуу түгөйлөрбүз. Бири-бирибизге көп деле окшошпойбуз. Мектепти аяктаган соң Нагида И.Арабаев атындагы университетке барган. Мен кийинки жылы тапшырдым. Бирок экөөбүз тең турмушка чыгып, окууну аяктабай калдык. Мен 2007-жылы 19 жашымда турмушка чыктым. Ал эми түгөйүм 2009- жылы турмушка чыккан. Бири-бирибизди сагынып, көнө албай жүрдүк. Үйгө келгенде кучакташып ыйлап, кайра кеткибиз келбей калчу. Үйгө эгизиме куда түшүп келгенде эки күйөө бала тең окшош кийинип келишкен экен. Ошондо үйдөгүлөр таң калып, «биздин эгиз кыздарга караганда күйөө балдарыбыз окшош экен» деп күлүшкөн эле. Көптөр эки бажаны бири-бирине окшоштурушат», - деди ал.

Нагима айым 4 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×