Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 19.07.2019 11:51

Эл ичи — өнөр кенчи: 23 жаштагы балбан Азат көчөдөн күч сынашкысы келгендерден кантип кутулат? (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 23 жаштагы тургуну Азат Төлөбай уулу бала күнүнөн машыккан грек-рим күрөшү боюнча ийгиликтерди жаратып келет. Аймактагы кабарчы балбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ата-энеси күрөшкөнүн колдоп, 9 жашында борбордогу Ш.Сыдыков атындагы балдар жатак спорт мектебинде окуганга шарт түзүп беришкен.

«Алгачкы мелдешке чыкканым ушул күнгө чейин эсимде. 25-ноябрда машыгууга барып баштасам, машыктыруучум мени 2 күндөн кийин эле мелдешке алып чыккан. Башында аябай коркуп, колу-бутум калтырап, толкундануу болду. Ошондо 27 кг салмактагылардын ичинен 2-орунду алгам. Балким толкундануу болбосо мындан да жакшы болот беле деп ойлоп калгам. Азыр баары жакшы болуп келе жатат. Өткөн Азия чемпионатында 3-орунду алдым. Азыр кийинки оюндарга даярданып жатам.

Бир жолу Моңголияга барып, мелдешке катыштык. Мелдештин биринчи күнү аяктап, ал жердеги мекендештер бизди кечки тамакка чакырып, даректи берип кетишти. 6 бала чогулуп алып ал даректи таппай жүрөбүз. Кафе көрсөк эле кире калып, жазып берген даректи көрсөтөбүз. Ошентип жүрүп кеч да кирип кетти. Курсагыбыз ачып, кайда барарыбызды билбей көчөдө калганбыз.

Кээ бир учурда салмак кууп, тамак ичпей жүргөнгө туура келет. Кийин доктурга көрүнсөм ашказан оорусу (гастрит) менен ооруп калган экенмин. Көчөдө жүрсөң кээ бир жигиттер «Сен эми Азия чемпиону болгону жатпайсыңбы. Кел күч сынашпайлыбы» деп тийишет. Андай учурда жаман көрүнбөй, залга чакырып кутулуп кетем», - деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөдө 10 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×