Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуКара-Буура району 19.07.2019 13:23 На русском

Кара-Буурада 1,5 тоннага жакын кара куурай жок кылынды

Turmush -  Кара-Буура районунда 15-июлдан 20-июлга чейин «Кара куурай» аталышындагы рейд өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Буура РИИБдин 25 кызматкери, Талас облустук чек ара кызматынын өкүлдөрү биргеликте Чымгент айылынын түштүк тарабындагы Шалтак багынын 4 гектар аймагын изилдешкен. Жыйынтыгында ал жактан жапайы өскөн кара куурай аныкталган. Кызматкерлердин күчү менен ондогон сотых аянттагы өсүмдүк орулуп, 1,5 тоннага жакын кара куурай жок кылынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×