Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.07.2019 14:01

«Сүзгөндү билчү»: Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 19 жаштагы студент каникулга келген

Turmush -  Ысык-Көлдүн жээгинде достору менен эс алып жаткан 19 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, бөөдө кырсык 18-июлда болгон. Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын тургуну достору менен Каракол шаарына караштуу Пристань-Пржевальск аймагындагы Дача участкасында эс алып жаткан. Алар көлгө түшүп жатып, достордун бири сууга чөгүп кеткен.

Маркумдун агасынын айтымында, аниси Алмаз Дүйшөмбиев үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү эле.

«Бир тууганым Бишкектеги И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетте 1-курсту аяктап, жайкы каникулда эс алууга үйгө келген. Кичинекейинен бери көлгө түшүп эле чоңойгон, сууда сүзгөндү билчү, кантип чөгүп кетти деп ишене албай жатабыз. Ошол күнү түштө классташ балдары көлгө барганы жатканын айтып, суранып кеткен. Чоңоюп калгандан кийин мейли деп жибергенбиз. Сууга түшүп жатып жок болуп кеткенде жанындагы балдар издептир. Куткаруучулар кечке жуук көлгө салынган тор менен чыгарышты», - дейт агасы.

Маркумдун атасы Россияда, апасы Кереге-Таш айылындагы мектепте мугалим болуп иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×