Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуМанас району 19.07.2019 15:17 На русском

«Байкабай калып ашатып сөккөн»: Подполковник баш болгон милиционерлерди криминал менен коркуткан жаш жигит

Turmush -  Талас облусунда майда ээнбаштык үчүн айыпталган жигитке карата соттун өкүмү чыкты.

Айыпталуучу ким?

22 жаштагы Эрмек (аты өзгөртүлдү, Б.Э.) Бакай-Ата районунун тургуну. Билими жогорку, бойдок. Эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Эрмектин жоругу

2019-жылдын 15-майында Талас ОИИБдин жетекчиси А.Жумабековдун буйругу менен түзүлгөн ыкчам тергөө тобу Манас районундагы каттоого алынган иштерди текшерүү үчүн жолго чыгышкан. Топту милициянын подполковниги Ж.О. жетектеген. Алар кызматтык «ВАЗ-2121 Нива» үлгүсүндөгү унаа менен бара жатышып, Тараз—Талас—Суусамыр жолунун 28-чакырымынан чыгыштан батышты карай бара жаткан ак түстөгү «Тойота Ист» унаасын көрүшкөн. Алар унаанын алдыңкы жана арткы мамлекеттик номурлары кара түстөгү парда менен жабылганын жана алдыңкы айнегинде жарык берүүчү каражат (стробоскоп) орнотулганын байкашкан. Мыйзам бузууну алдын алуу максатында унааны токтотуп, өздөрүн тааныштырып, кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүшкөн. Ошол маалда унаанын айдоочусу Эрмек аларды оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп, өзүнүн жогорку бийликте иштеген, ошондой эле криминалдык чөйрө менен байланышы бар туугандарын айтып коркуткан.

Эрмек эмне дейт?

Айтыпталуучу Эрмек сотто күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ал 15-май күнү саат 10:00 чамасында Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынан жумуштарын бүтүрүү үчүн унаасын айдап чыккан. Манас районунда бара жатканда «Нива» үлгүсүндөгү унаа токтоткон. Анын ичинен формачан адам түшүп келип, өзүн тааныштырган. Ошол учурда «Нивадан» жарандык кийимчен да кишилер түшүп келген. Бирок аларды тааныбагандыктан өзүн тааныштырган эмес. Алар унаасынын мамлекеттик номуру кара парда менен жабылганы тууралуу сураганда аны билбей калганын, балким кнопка басылып кетип жабылып калгандыгын айткан. Алар жарык берүүчү каражатты (стробоскоп) да көрүп, анын мыйзамсыз экендигин айтып, мамлекеттик номурдагы кара парданы жулуп баштаган. Ошол учурда «силер кимсиңер?» деп байкабастан оозго алгыс сөз менен сөгүп жиберген. Себеби орозо болуп, башы ооруп турган. «Азыр жогору жактагы байкелериме чалам» деп айтканы чын экенин мойнуна алды. Токтоткон милиция кызматкерлери Манас районунун милиция кызматкерлерине байланышып, тергөө ыкчам тобун чакырышкан. Алар анын унаасын Манас РИИБге жеткирип, айып пул салышкан.

Соттун өкүмү

Сот аталган иштин материалдарын карап чыгып, Эрмекти Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 119-беренеси (майда бейбаштык) менен күнөөлүү деп тапты. Ага 30 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×