Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 20.07.2019 13:16

Талас райондук К.Момункулов атындагы «Манас» лицей-интернатынын ийгиликтери (сүрөт, видео)

Turmush -  Талас районунун Көк-Ой айылында жайгашкан К.Момункулов атындагы Таш-Төбө орто мектеби — «Манас» лицей-интернатында 2018-2019-жылдары бир нече жемиштүү иштер жасалды.

Талас шаардык жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Байыш Керимбаевдин айтымында, «Манас» лицей-интернаты буга чейин Талас районунун Ак-Сай айылында жайгашкан болчу. Балдар көп болуп, мектепке батпай калгандыгына байланыштуу бул жакка көчүрүлгөн.

«Көк-Ой айылы Талас шаарына жакын болгондуктан бул жактагы окуучулар шаардагы мектептерге кетип калышып, Таш-Төбө мектебинде балдардын саны азайып бара жаткан. Бүгүнкү күндө бул жерге «Манас» лицей-интернаты көчүп келген соң, бир топ иштер жасалды. Жатаканалары оңдоп-түзөөдөн өттү, бөлмөлөрү заманбап технологиялар менен камсыздалды. Жаш мугалимдер үчүн дагы 8 орундуу батир курулду», - деди ал.

«Манас» лицей-интернатынын директору Жаныш Жанузаковдун айтымында, лицей-интернат К.Момункулов атындагы Таш-Төбө орто мектебине 2018-2019-окуу жылынын башында көчүп келген.

«Жаңы келгенде мектептин абалы начар эле, ным тартып, эч кандай шарттар жок болчу. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы эмгек жааматыбыз менен оңдоо иштерин жүргүздүк. Эң биринчи нымдуулуктан арылуу үчүн 80ден ашык желдөөчү тешиктер, жылуулук систесмасы орнотулду. Мектептин чатыры оңдолуп, жабылды. Мектептин сыртына текстура чачтырылып, методикалык зал жасалды. Класстардын ортосу пластик менен бөлүндү. Актоо-сырдоо, кайра куруу иштери жүрүп, толук сапаттуу оңдоодон өттү. Биз 1-сентябрда окуучуларды кабыл алганга даярбыз.

Республикалык «30 инновациялык мектеп» долбоорунун алкагында 4 класс евростилде жасалып, 5 класска парта жана стулдары менен, химия, физика, биология, география бөлөмөлөрү көрсөтмө куралдар, окуу методикалык жабдыктары менен камсыздалды. 1 класска 10 комплект веб-камерасы менен компьютер, партасы менен жана кондиционер, доска орнотулду.

Мектепте толук шарттары менен 8 орундуу жатакана курулду. Быйылкы жылы «Манас» лицей-интернаты жаңы көчүп келгендигине байланыштуу, көп тажрыйбалуу мугалимдерибиз кошо иштөөгө келе алышкан жок. Билим сапатын жаңы кадрлар менен жогорулатуу максатында дагы көп иштер жасалды. Лабораториялык иштерди өткөрүү боюнча ЖОЖдордон келишимдин негизинде мугалимдер келип, 6-майдан 11-майга чейин практикалык сабактарды өтүштү. Биздин 22 окуучу кайра ЖОЖдорго барып, лабораториялык тажрыйбадан өтүп келишти. Бүгүнкү күндө ар бир мугалим ноутбук, компьютерлер менен камсыздалды.

Лицей-интернатта 37 мугалим, тарбиячы эмгектенет. Анын ичинен «Эл мугалими» наамына 1, «КРнын эмгек сиңирген мугалими» наамына 1, президенттин ардак грамотасына 1, «КРнын эл агартуусунун отличниги» наамына 18 мугалим ээ болгон. Мектепте жалпы 310 окуучу билим алат.

Облустук олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 2018-2019-окуу жылында окуучулар 6 байгелүү орунга жетишти. Райондук олимпиадада физика сабагынан 1-2-орун, математика сабагынан 1-2- орун, биология сабагынан 1-2-орунду ээлешкен. Облустук олимпиадада 2 окуучу 2-орун, 2 окуучу 3-орунду камсыздашты. Республикалык олимпидага 2 окуучубуз катышты. 9-класстын 2 бүтүрүүчүсү өзгөчөлөнгөн күбөлүк алышса, 11-класстын 1 бүтүрүүчүсү «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына татыктуу болду.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 2 окуучу 200дөн жогору упай алышты. ЖРТнын орточо жыйынтыгы 135 упайды көрсөттү», - деди мектептин директору Жаныш Жанузаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×