Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 21.07.2019 20:49

Талас–Нылды–Покровка унаа жолу оңдолууда. Сүрөт

Turmush -  Талас облусунда Талас–Нылды–Покровка унаа жолунда оңдоо иштери жүрүп жатат.

Маалым болгондой, жолдун узундугу 21 чакырымды түзөт, анын 1 чакырым 900 метрин оңдоо иштери 12 күн мурун башталган. Унаа жол Талас районунун Көк-Ой айылы менен Талас шаарын бириктирип турат.

№19 жол тейлөө ишканасынын башчысы Урмат Апышов билдиргендей, жолду оңдоо иштерине республикалык бюджеттен 13 млн 820 миң сом бөлүнгөн.

Оңдоо иштерин бир айдан кийин бүтүрүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×