Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 23.07.2019 08:50

Айыл турмушу: 19 жылдан бери ат жалында келе жаткан Т.Кабылбеков жаштарга көк бөрүнүн сырларын үйрөтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылынын 37 жаштагы тургуну Тынчтык Кабылбеков жаштарга көк бөрүнүн эрежелерин үйрөтүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, айылда дыйканчылык, мал чарба менен алектенет.

«Атам, тайларым улакчы болгон. Айыл ичиндеги агаларымды көрүп, кызыгып ойноп келем. Жаштайымдан айылда мал менен чоңойгондуктан жылкы баласына жакынмын. 8-классымдан бери айыл ичинде болуп турчу улактарга катышып, өзүмдү оюнга бышырып келгем. 2000-жылдан тарта командага кошулуп ойной баштагам. 19 жылдан бери көптөгөн улак тартыштарда ойнодум. Биринде жеңилсек, көбүн жеңип, дем-күч топтойбуз. Оюнчулар бат-баттан жолугуп, ар бир оюндагы кемчиликтерди талкуулайбыз. Облустар аралык, Казакстандын көптөгөн шаарларында өткөн мелдештерде күч сынашып, ийгилик жаратып жүрөбүз. «Ынтымак» командабыз туруктуу. Командам менен бир нече кубоктун ээси болдук. Командадагы 12 баланын ар биринин оюн учурундагы милдеттери бар. Бирөө жерден улак алса, калгандары улак алган баланы коргоп, каршылаш оюнчуларды бирден тосуп, амалкөй болушу керек. Мен коргоочулук милдетти аткарам. Улактар 30-35 кг болот.

Оюнду карап отурганда коркуу сезими болушу мүмкүн. Бирок аралаша ойногондор кызыгып, оюндан чыга албай калышат. Кумар оюн десем болот. Оюн учурунда коркуу сезими жок болуп кетет. 12 оюнчу 12 атты минип, машыгып ойнойбуз. Менчик атым жок. Торпедо деген атты чаап жүрөм. Мелдеште аттын дагы ролу чоң. Себеби тай казанга жакындаганда ат коркуп же качып кетсе болбой калат.

Оюндун алдында 1 ай машыгуу болот. Анда түшкө чейин ат минип, тегиз, дөңсөө жерлерге бастырып, кечкисин өзүбүз чуркап күч топтойбуз. Колдор чарчабашы үчүн спорт менен машыгабыз. Айыл ичиндеги балдар менен футбол, волейбол дагы ойноп калам. 2004-жылы «Мыкты оюнчу» наамына ээ болгом.

Айыл ичинде той-топурларда улак чаптырып турушат. Байма-бай шеринелер болот. Бул жакшы нерсе. Себеби жаштар дагы көрүп, аралашып ойнобосо дагы көк бөрү тууралуу билип калышат. Суурулуп чыккан жаштар жок эмес. Оюн үчүн ичкен ашын жерге койгон азаматтар бар. Аларга бир топ эреже, сырларын үйрөтүп келем. Үйдөн улуу баламдын көк бөрүгө болгон кызыгуусу байкалат», - деди ал.

Көк бөрүчү 2 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×