Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуКара-Буура району 23.07.2019 09:41 На русском

«Бриллиант жылан» жана 40 жашында уулдуу болгон ата: 40-Мырзанын аты Кыркмырза деп өзгөртүлдү. Сүрөт

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Бейшеке айылынын 17 жаштагы тургуну Кыркмырза Манатбековдун ысымын биринчи уккандар таң калышат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл 10-классты аяктады.

«Мектепти 7-класска чейин жакшы окудум. Эжейлерим жүрүм-турумумду жакшы дешет. Болгону сабактарымдын бааларын начарлатып коюп өкүнүп отурам. Буйруса акыркы жылды жакшы окуп бүтөм деп өзүмө сөз берип жатам. Келечекте археолог болсом дейм. Бирок апам мугалим бол деп үндөп жатат. Себеби «ал кесиптин келечеги бар, азыр эркек мугалимдер жок болуп кетти» деп айтат. Алдыдагы турмушту убакыт көрсөтөт деп ойлойм.

Тааныгандардын баары атымды Кыркмырза деп толук айтат. Атымды өзгөртөм деп аракет кылган жокмун. Бирок маанисин сурап жүрдүм. Ата-энем менин атымды жакшы ниет менен тандаганын, китептеги тырышчаак баланын ысымы ыйгарылганын айтышат. Мен өзүм мырза деген сөздү укканда салмактуу, сүрү бар, токтолгон, сабырдуу адамды элестетем. Ошондуктан ата-энемдин мага берген атын бийик көтөрүп, мыкты инсан болсом дейм», - деди ал.

Кыркмырзанын атасы Манатбек мырза уулу 40 жашында төрөлгөнүн белгиледи.

«Өзүмдүн мырза курагымда көргөн балам деп атын Мырза дегем. Аны менен катар «Бриллиант жылан» деген чыгарманы окуп чыккам. Андагы Мыкы деген каармандын чын аты Мырза болгон. Мен ошондон дагы алгам. Ал каарман жетим чоңоюп, бирок жакшы сапаттарга ээ болгон. Балам төрөлгөндө 40 жашта болчумун. Ошондуктан 40-Мырза деп ысым ыйгардым. Экинчи жагынан чыдамкай, өжөр, ийгиликке жеткен бала болсун деп тилеп, ушундай ысым бергем. Мырзадан кийин 44 жашымда төрөлгөн балама Бек деп ат койдум.

Негизи эле бардык балдарымдын аттарын өзүм койгом. Балдарыбыздын ысымындагы башкы тамгаларын улуулата бириктирсек менин атым куралат. Бирок атайлап менин атым куралсын деп койгон эмесмин. Аны кийин байкадым. Улуусунун аты Мирланбек, андан кийин Алтынкыз, Нуржамал, Алтынбек, Толгонай. Булардын ысымдарынын баш тамгаларынан Манат деген ысым чыгат. Кичүү баламдын аты Бек. Баары биригип Манатбек болот», - деди ал.

Апасы Уулкан айым Кыркмырзанын атын биринчи укканда таң калышарын айтты.

«Жолдошум ар бир ысымды жакшылыкты тилеп койгон. Ысым дагы адамдын жашоосуна таасир берет. Ушул күнгө чейин Кыркмырзанын атын айтсак эле таң калышат. Кантордо иштеген эже бар болчу. Атын тамгалап өзгөрткөнгө чейин «Кырк дегенди кандай кылып жаздыңар? Тамгалап же сан (цифра) мененби?» деп сурай берчү. Жолдошум «сан менен жаздырдым» десе таң калчу. Кийин документтерине кыйынчылык болбосун деп 40-Мырза деген атын Кыркмырза деп жаздыргам. Сан менен жазылган 40-Мырза деген ат жокко эсе. Биздин айылда бир тургун «Манатбек акемдей мырза курагымда уулдуу болдум» деп, баласына Мырза деп ысым ыйгарган.

Жолдошум атты ойлонуп жатканда бир жүйөлүү нерсеге дагы байланыштырат. Мисалы, Толгонай кызыбыз төрөлөрдө ай толуп турганын байкап жана Ч.Айтматовдун чыгармасындагы каармандын атынан койгон. Ысымга маани берет. Келиним төрөгөндөн кийин неберебизге 1 жума күбөлүк албай жүрдүк. Жолдошум ысымын ойлоном деп койду. Акыры ойлонуп, Касиет деп ат койду», - деди ал.

Кыркмырза үй-бүлөдө 7 бир туугандын алтынчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×