Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 23.07.2019 11:17 На русском

Жубайлар: Кушубак ата жубайы Жумабү апаны мектептеги кезинде эле жактырып жүрүп баш кошкон (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 65 жаштагы тургуну Кушубак Аймолдоев 61 жаштагы жубайы Жумабү Төкөлдөшованы мектеп курагында эле жактырчу. Аймактагы кабарчы жубайлар менен таанышты.

Жолдошу: 10 жашымда атам каза болуп, апам үйдөн апа, эшиктен ата болуп чоңойтту. Биздин айыл чоң айыл болчу. Айылдын орто ченинде бир мектеп бар. Балдардын баары ал жерден билим алат. Мектепте окуучу көптүгүнөн бир-бириңди жакшы тааныбайсың. Бирок ошол көп окуучунун ичинен менден 4 класс ылдый окуган Жумабү мага жүрүм-туруму, эпчилдиги менен жагып турчу. Бирок ага батынып сүйлөшө алчу эмесмин.

Убакыт билинбей өтүп, мектепти дагы аяктап кеттик. Кийин 2 жыл аскердик кызмат өтөп келдим. Айылга келгенде эле туугандар «качан үйлөнөсүң?» деп сурап баштады. Өзүм Россиядан жаңы эле келсем кайдагы кыз дейсиң. Апам дагы «эми мага келин алып кел, уулум» деп айтып калчу болду. Бул сөздөрдү уккандан кийин мектептеги Жумабү эсиме түштү. Кеч күүгүм болуп калганда ат бастырып үйүн көздөй бардым. Эмнегедир жолум болуп, өзү менен сүйлөшүп кайттым.

Бир күнү өзүнөн кичүү сиңдилерине айылдагы «Кур-Таш тоосуна чыгабыз» деп жатышкан экен. Бул мен үчүн дагы сүйлөшүүгө ыңгайлуу болгонсуду. Экөөбүз ээрчишип алып Кур-Таш тоосуна барып келдик. Ошентип мамилебиз жакшыра берди. Апам адаттагыдай эле «үйлөнсөң боло» дегенде Жумабү менен сүйлөшүп жатканымды айттым. Апам кубанып калгансыды. Экөөбүз 1 жылга жакын сүйлөшкөндө үйдөгүлөр Жумабүгө куда түшүп барып, кыргыздын каада-салты менен алып келдик.

Жубайы: Ал учурда мен окуумду аяктап келип, айылдагы почтага ишке орношком. Үйдөн кайын журтка узап жатканда башкача сезимдер болот экен. Жашоонун чоң жолуна түшкөнүңдү билип, жоопкерчиликтүү болуп калат экенсиң. Биринчи көшөгөнү аттап, башыма аппак жоолук салынганда аябай толкундандым.

Бир маалда эшиктен чоң апа келип, башыма жоолугун салып, «Ай келин, ичеги-карын артканды билесиңби? Сайма сайып көрдүң беле?» деп сурады. Мен шыр эле ооба деп жооп бердим. Ал чоң апа «жарайт экенсиң» деп отуруп калган. Апам бала күнүмдөн эле сайма сайдырып үйрөткөн. Бизге туш кийиздерди жасатчу.

Кайын энем өз апамдай жоош, түшүнүктүү аял болчу. Мен турмушка чыккан күндөн көп өтпөй эле жумушка чыга баштадым. Мен келгенче апам бардык ишти өзү жасап, тамак бышырып койчу. Мен бул үйдө келин эмес, эрке кызындай эле жүрдүм. Апам жупка жегенди жакшы көрчү.

Бир жолу мен жумуштан келсем камырын даярдап койгон экен. «Кызым, сен бышыра бер, мен кошунанын үйүнө кирип чыгайын» деп кетип калды. Мен мештин үстүн тазалап жасап баштадым. Эмнегедир апам жасаган жупкалар бат эле бышып калчу. Меники ичи бышпай калып жатты. Баарын жасап бүткөндөн кийин апам келип, «сеники мүшкө болуп калган го балам» деп айткан. Апам экөөбүз кайра камыр жууруп, жупка жасаганбыз. Апам мага 5-6 жупканы бир жасаганга үйрөттү.

Азыркы учурда өзүм дагы 3 келинге кайын эне болуп калдым. Апамдан алган тарбияны берип, колуна кол, бутуна бут болуп жардам бергенге аракет кылам.

Жубайлар 6 уул, 3 кыз, 11 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×