Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу, Талас 25.07.2019 15:22 На русском

2 колу күйгөн ууру, түтүндүн ичинен табылган кемпир: Таластык өрт өчүрүүчү Т.Иманкуловдун тажрыйбасы (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 37 жаштагы тургуну Тилек Иманкулов бир нече жылдан бери өрт өчүрүүчү болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«1999-жылы Талас шаарындагы №4 орто мектепти аяктагам. Мектептен кийин орто кесиптик окуу жайга барып, ал жактан ширетүүчү адис болуп чыккам. 2002-жылы аскерден келген соң милицияда иштегим келди. Чоң мотивация менен мекенге кызмат кылам деп келдим. Талас мамлекеттик университетинин технологиялык факультетинин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнө баргам. Бирок бир себептер менен милицияга эмес, өрт өчүргүч бөлүмүнө кирип калгам. Ал учурда ӨКМ ИИМдин карамагында болчу.

Капыстан баргандыгыма байланыштуу башында аябай оор болду. Мурун өрт болбосо өрт өчүргүчтөрдүн жумушу жок деп ойлочумун. Жумуштун ар тарабын өзүм иштегенде билдим. Техникалык коопсуздук так сакталбаса өзүңдүн өмүрүңө коркунуч жараткан кырдаалдардын үстүндө иштейсиң.

Бак бир жерден көгөрөт деген жакшы сөз бар. Мага ушул багытта кызмат кылуу буйруган окшойт. Ушул жумуш менен нан таап, үй-бүлө багып келе жатабыз. Кара-Буура, Бакай-Ата, Талас шаардык өрткө каршы бөлүмүндө эмгектендим.

Өрт учурунда токко урунуп калуу коркунучу, синтетикалык буюмдардын күйүшү боюнча коркунуч көп жаралат. Ишке жаңы келгенимде Талас шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты деп билдирүү түштү. Биз барган кезде күн батып калган болчу. Үйдүн эшик-терезелери бекем жабылып тургандыктан ичи дымыгып түтөй бериптир. Ал үйдө жалгыз бой кемпир жашайт экен. Биринчи жолу жанагындай түтүнгө кирип жатканда... Өзүнчө бир сүр бар экен. Эшикти ачып кирдик. Түтүн, капкараңгы. Баягы ичиндеги кемпирди издеп жатабыз. Бет маңдайымдан эле кол келди. Колду көргөндө жүрөгүм шуу дей түштү. Коркконума карабастан колунан кармап, сүйрөп чыктым. Ошол куткаруум мага кайра дем берген.

Мындан бир нече жыл мурун ууру ток колдонуучулар көп болуп кеткен. Өрт өчүрүүгө барганда эле электр энергиясы бүт өчүрүлдү дегенде да чырт этип, уурдап өткөргөн зымдар чыгып калчу. Бизге бул нерсе аябай кооптуу кырдал жаратчу. Барганда эле үйү өрттөнөбү, дүкөнү өрттөнөбү, «ууру ток жокпу?» деп тактайбыз. Кээ бир учурларда кырсык алып келерин ойлошпой эле жок деп калп айтып коюп, өрт өчүрүү учурунда токко суу тийип, коркунуч жараткан кездер болду. Көбүнчө жер алды менен өткөргөн ууру токторду көрдүк.

2006-жылы базардын ичинде складда чоң өрт чыккан. Канча деген соодагерлердин тыгынынан тоскоолдук болуп, ал жерге өрт өчүргүч кире албай турган жер болуп калды. Складдын ичинин баары синтетикалык кездемеден тигилген буюмдар экен. Балдар жалынга өтө этияттык менен ирип, 3-4 саат алышып жатып өчүргөнбүз.

Эсте калган окуя 2010-жылы болду. Кара-Буура районунун Грозный айылында нефтебазада уурулуктун айынан өрт чыккан. Ал жерди кайтарган адамдар чоң цистерналардын бурамаларын бошотуп, ошол жерден бензин уурдап алышчу экен. Адатынча алып жатканда бири жарык берем деп «зажигалкасын» күйгүзүп жиберген. Оту бензинге тийип, баягы кароолчунун 2 колун күйгүзүп кеткен. Дагы жакшы, ошол жердеги нефтебазадагы операторлор ыкчам чара көрүп, отту өчүрүп калышкан. Убагында ыкчам аракет кылбаганда чоң кырсык болмок.

Өрт өчүрүүчү жубайы Жазгүл Бектенова экөө 3 кыз, 1 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×