Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 25.07.2019 21:45 На русском

Ажал менен кармашкан эжесин куткарам деп, сууга аккан жаш баланын жансыз денеси табылды

Turmush -  Талас районунун Кара-Суу айылында сууга агып кеткен бир туугандардын экинчисинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, баланын денеси бүгүн, 25-июлда эртең менен Талас районунун Көк-Кашат айылындагы каналдан табылган.

Буга чейин Талас районунун Кара-Суу айылында эки бир тууган сууга чөгүп кетип, биринин денеси табылган болчу.

Окуя 24-июль күнү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, 10-класста окуган окуучу кыз айылдагы каналга түшүп кеткен. Аны көрүп калган 8-класста окуган бир тууган иниси эжесин куткарам деп сууга кошо агып кеткен.

Эки бир тууганды издөө иштери жүргүзүлүп, саат 19:30 чамасында 10-класста окуган кыздын денеси табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×