Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусуТалас району 26.07.2019 18:12

Таласта VI - VIII кылымдарга таандык деп болжолдонгон балбал таш табылды (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну Рысбек Бектемиров өзү тапкан байыркы балбал ташты «Манас Ордо» комплексинин «Манас» эпосу музейинин фондусуна тапшырды. Бул тууралуу «Манас Ордо» комплексинин кызматкери Зулхар Мамыров билдирди.

Анын айтымында, Р.Бектемиров ташты Калба айылындагы өзөндөн тапкан. Ал VI - VIII кылымдарга таандык деп болжолдонуп жатат. Азыркы мезгилде ачык асман алдындагы таш эстеликтери музейиндеги экспонаттардын жалпы саны 36га жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×